Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхы 

Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин 1944-жылдын 15-декабрындагы  №825 токтомунун жана Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатынын 1945-жылдын 19-январындагы  №11 буйругунун  негизинде Фрунзе шаарында  Кыз-келиндер педагогикалык училищеси ачылган. Окуу жай башталгыч класстын мугалимдерин даярдап чыгаруу максатын көздөгөн. 

СССР Министрлер Советинин №14253/р (4-сентябрь, 1950-ж.) буйругу жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1950-жылдын 24-октябрындагы №811 токтомуна ылайык, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык училищеси 1950-жылдын 25-октябрынан тартып 5 жылдык окутуу мөөнөтү менен Кыргыз кыз-келиндер мугалимдер институту болуп өзгөртүлгөн.

СССР Министрлер Советинин 1952-жылдын 22-июлундагы №18552 буйругуна жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1952-жылдын 5-августундагы №805 токтомуна ылайык, 1952-жылдын 1-сентябрынан баштап Мугалимдер институтунун базасында Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөн. 

Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 8-июлундагы «В.В.Маяковскийдин 60 жылдыгын белгилөө» жөнүндөгү №625 токтомунун негизинде Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна В.В.Маяковскийдин ысымы ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-июнундагы  №211 буйругунун негизинде окуу жай В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 24-декабрындагы №629 токтомуна ылайык, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна алгачкы агартуучу жана коомдук-саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  1994-жылдын 11-майындагы №307 токтомуна ылайык, Ишеналы Арабаев  атындагы  Кыргыз мамлекеттик педагогикалык  институту Ишеналы Арабаев  атындагы  Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети болуп өзгөртүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы №260 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 3-майындагы №160 буйругунун негизинде окуу жай Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык,  2022-жылдын 29-декабрында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордени менен сыйланган.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2022-жылы Европа уюмунун Сапатты изилдөө коому тарабынан эл аралык “Сапатты тандоо” («Quality Choice Prize 2022») сыйлыгына ээ болгон.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2018-жылдан бери КМШ мамлекеттеринин Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча базалык уюмунун Коомдук кеңешинин мүчөсү жана педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча негизги уюму болуп саналат.

Университет учурда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети юридикалык жак статусуна ээ жана жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки, орто кесиптик жана кошумча жалпы кесиптик билим берүү тармагында билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп саналат.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети республикабыздын, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин окуу жайлары, мамлекеттик органдары, билим берүүнүн жана илимдин ар кандай тармактарынын ишканалары жана уюмдары үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат.

Университет илимий билимдерге, педагогикалык тажрыйбага негизделген, педагогикалык процесске катышкан бардык адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен ата мекендик жана дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, жетишээрлик жогорку кесиптик компетенттүү ишмердүүлүктү жүргүзгөн профессорлордун, доценттердин, окутуучулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин чыгармачыл жамааты болуп саналат.