Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил бөлүмү университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү багытында иш жүргүзүп келе жатат.

Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата бир айлыкта (05.09.2022-03.10.2022) университеттин бардык курам бөлүмдөрүндө атайын иш план иштелип чыгып, анын негизинде ар кандай формадагы маданий-социалдык, интеллектуалдык иш-чаралар, илимий конференциялар уюштурулду. 

Университеттеги көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде сабаттуу жазылышы көзөмөлгө алынып келет.

Университеттин курам бөлүмдөрүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери жөнгө салынууда.

2022-жылдын ноябрь айында Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан студенттер арасында Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Ишеналы Арабаев – кыргыздын тунгуч агартуучусу” аталышындагы эссе жазуу сынагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Улуттук каада-салт жана нарктуулук–жалпы адамзаттык баалуулуктардын контекстинде” деген темада илимий жана публицистикалык макала жазуу сынагы жарыяланды. Сынактардын жыйынтыгы 2023-жылдын февраль айында чыгарылат.