Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эл аралык ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Университет жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин элчиликтери менен өнөктөштүк мамиледе иш алып барат.

Ушул убакытка чейин Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран, Орусия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан ж.б. мамлекеттердеги чет элдик өнөктөштөр менен 90дон ашык келишим түзүлдү.