Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети юридикалык жак статусуна ээ жана жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки, орто кесиптик жана кошумча жалпы кесиптик билим берүү тармагында билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп саналат. 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети республиканын, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин окуу жайлары, мамлекеттик органдары, билим берүүнүн жана илимдин ар кандай тармактарынын ишканалары жана уюмдары үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин миссиясы – атаандаштыкка жөндөмдүү, социалдык жана кесиптик жактан компетенттүү адис мугалимдерди даярдоо. Университеттин негизги приоритети практикага багытталган жана инновациялык педагогикалык билим берүүнү оптималдуу айкалыштыруу, инновациялык ыкмаларды жана маалыматтык технологияларды активдүү колдонуунун негизинде чыгармачыл ой жүгүрткөн инсанды даярдоо.