Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү

Университетте жаштар менен жүргүзүлүүчү иштерди уюштуруу – бул жаштардын укуктук, экономикалык, социалдык уюштуруучулук шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн түзүлүшүнө багытталган иш-чаралардын системасы. Университетте жаңы муундагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен катар, жаштардын окуу шарттарынын жакшыруусуна, тарбиялык маселелерине, ден соолугунун чыңдалышына, коопсуздугуна, эс алуусуна жана жатаканадагы жашоо-шартына көп көңүл бурулуп келет. Жогорудагы айтылгандар университеттин атайын бекитилген комплекстүү планынын негизинде иш жүзүнө ашырылат.

Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүстуденттердин жеке жана коомдук максаттарын аныктаганга, окуу жана кесипке байланыштуу туура чечимдерди чыгарууда, жашап жаткан чөйрөгө көнүүдө ж.б. учурларда студенттерге жардам көрсөтүү, ар түрдүү проблемаларды чечүүгө багытталган кыска жана узун мөөнөттүү индивидуалдык психологиялык кеңеш берүү жана багыттоо кызматын көрсөтүү.