Окумуштуулар кеңешинин ишинин максаты – университеттин учурдагы жана келечектүү багыттарын аныктоо, университеттин жетекчилигинин, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, окуу жана көмөкчү персоналдын заманбап талаптарга жооп берген адистерин даярдоодо аракеттерин бириктирүү, Университеттин окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык ишмердүүлүгү боюнча иштерин жүргүзүү болуп саналат.

1. Окумуштуулар кеңешинин курамы жана түзүү тартиби:

2. Окумуштуулар кеңеши төмөндөгүлөрдүн курамында түзүлөт:

1. Ректор (кеңештин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, факультеттердин декандары, кафедра башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн, профсоюздук жана студенттик коомдук уюмдардын жетекчилери - кызмат ордулары боюнча.

2. Тиешелүү түзүмдөрдүн кеңеши тарабынан белгиленген тартипте шайлануучу алдыңкы окумуштуулардын, профессорлордун жана доценттердин ичинен факультеттердин жана башка окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү.

3. Окумуштуулар кеңешинин курамына илимий жана илимий мекемелердин жетекчилери, университетте иштебеген адистерди даярдоо жаатындагы көрүнүктүү илим, искусство жана маданият ишмерлери кириши мүмкүн.

4. Окумуштуулар кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча университеттин ректору тарабынан 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.

5. Университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 41 адамды түзөт.

6. Окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары жана катчысы Окумуштуулар кеңешинин биринчи жыйналышында ректордун сунушу боюнча ачык добуш берүү жолу менен шайланат.

7. Окумуштуулар кеңешинин курамы И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун буйругу менен жарыяланат.

8. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү каза болгондо, университеттен бошотулганда (чыгарылса), ошондой эле ээлеген кызматынан  тиешеси жок башка кызматка которулганда, аны алмаштырууда Окумуштуулар кеңешинин курамына киргизилип автоматтык түрдө жүргүзүлөт жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин курамынан чыгат.

9. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин чыгып кеткен маалда, белгиленген санын толуктоо үчүн окуу жылынын башында анын курамы кандай тартипте түзүлүп келген болсо, ошол эле тартипте жүргүзүлө берет.