Максаты: Университеттин кызматкерлеринин эмгек укуктарын, таламдарын билдирет жана коргойт, алардын социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барат.

Миссиясы: Университеттин кесиптик бирлиги уюмунун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо, эмгек акынын адилеттүү төлөнүшүн жөнгө салуу, жумуш орундарындагы коопсуздукту камсыз кылуу менен саламаттыкты сактоо жана ден соолукту чыңдоону уюштуруу.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги кызматкерлердин эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюм. Эмгек шарттарын жакшыртуу, социалдык жана юридикалык кеӊеш берүү, ошондой эле кызматкерлердин, студенттердин ортосунда келип чыккан маселелерди адилеттүү чечүү боюнча иш алып барат. Кесиптик бирлик жалпы жамааттын, университеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү жана демократиялык принциптерди ишке ашырууга жардам берет.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлиги уюмунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

  • Жамааттык келишимди иштеп чыгып жана кабыл алат;
  • Ден соолукту чыӊдоо жана саламаттыкты сактоо боюнча иштерди уюштурат, ошону менен бирге кызматкерлердин жана алардын балдарынын эс алуусун, маданий эс алуусун уюштурат;
  • Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө материалдык жактан колдоо көрсөтөт;
  • Кызматкерлердин эмгекке болгон негизги укуктарын жана аларды социалдык жактан коргойт, коопсуз жумуш орундары менен камсыз кылууну ишке ашырат;
  • Кызматкелердин эмгек акыларын өз убагында төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзөт;
  • Кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн эмгек шарттарын жакшыртууга жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык- экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга камкордук көрөт;
  • Кесиптик бирлик уюму менен администрациянын ортосундагы келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлгө алат;

Кесиптик бирлик уюму университеттин жетекчилиги менен социалдык өнөктөштүктүн алкагында кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш алып барат.

Эмгек укуктары жана кызыкчылыктары КР мыйзамдарына жана келишимдерге ылайык корголот.

Университеттин жетекчилиги менен кесиптик бирлик уюмунун ортосунда түзүлгөӊ жамааттык келишимде кызматкердин, студент, магистрант, аспирант жана PhD доктордун укуктарын жана таламдарын коргоо кепилдиктери белгиленген. Университеттин жетекчилиги жамааттык келишимде көрсөтүлгөн өзүнүн милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүүнү иш жүзүнө ашырып келет.

Азыркы күндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги уюмунун мүчөлүгүнө 5860дан ашуун адам катталган жана катарына жаңы мүчөлөрүн тартуу максатында активдүү иш жүргүзүп келет.