И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасы 1972-жылы пайдаланууга берилген. Анын негизги максаты – студенттерди турак жай менен камсыздоо. Учурда жатакана студенттерге ыңгайлуу, коопсуз жана таза жашоо чөйрөсүн түзүү максатында кайра оңдолуп, жаңыртылган.
Негизги милдеттери:
• Студенттерди убактылуу турак жай менен камсыз кылуу;
• Коопсуз жана гигиеналык шарттарды түзүү;
• Жашоо жана окуу үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү;
• Студенттердин бош убактыларын туура пайдаланууга көмөктөшүү (жогорку кабаттарда эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы ж.б.);
• Тартип жана тазалыкты көзөмөлдөп туруу, администрация менен байланышта болуу.
Жатакана жалпы 4 кабаттан жана жертөлөдөн турат.
• Ар бир кабатта 16 секция бар, ар бир секцияда 4 бөлмө, ар бир секция 16 студентке ылайыкташтырылган.
• Ар бир секцияда жуунучу жай жана дааратканасы бар.
2-кабатта изолятор жайгашкан, ал эми 3-4-кабаттарда эс алуу бөлмөлөрү бар.
• Ар бир кабатта ашкана бар: плита, 2 муздаткыч, микротолкундуу меш, чай кайната турган аппарат (20 литрлик), идиштер коюлган.
1-кабатта студенттер үчүн:
• Окуу бөлмөсү (4 компьютер жана принтер орнотулган),
• 3 конок бөлмө,
• 1 ашкана,
• Медпункт жана 2 секция жайгашкан.
Жертөлөдө:
• Душ, кир жуучу жай (прачка),
• Машыгуу залы жана бий залы,
Жатакананын коменданты: Баяманова Анара