Табигый илимдер жана туризм институту
Тарыхы
И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун курамындагы кафедралар Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептерине биология, химия, география мугалимдерин жана экология, туризм багытындагы адистерди даярдоодогу эң алдыңкы кафедралардан болуп саналат.
1952-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөндө химия жана биология кафедрасы биринчилерден болуп уюшулган. Ошол учурда кафедрага 4 жылдык окуу мѳѳнѳтү менен 25 студент кабыл алынган жана кафедраны биология илимдеринин кандидаты, доцент Г.П. Земляная жетектеген. 1956-жылы 18 бүтүрүүчү «биология жана химия мугалими» адистигин алгачкылардан болуп алышкан. 1957-1958-окуу жылынан баштап студенттерди кабыл алуу 50 студентке чейин жеткен, ал эми окуу мѳѳнѳтү 5 жылдык болуп бекитилген.
Республикадагы мугалимдерге болгон талаптын ѳсүшүнѳ жана студенттердин санынын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу 1968-1969-окуу жылында табигый-илимий факультеттин базасында биология факультети түзүлгөн. Аны биология илимдеринин кандидаты, доцент М.У. Мамбетов жетектеген.
1975-1984-жылдары Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химия-технология институтунун бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин кандидаты, доцент Т.Р.Рыскулов жетектеген.
1984-1995-жылдары химия жана биология факультетинин декандык кызматында Кыргыз мамлекеттик университетинин биология адистигинин бүтүрүүчүсү б.и.к, доцент С.Ш.Шамбетов үзүрлүү эмгектенген.
1995-1998-жылдары факультетти химия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А.Асаналиев жетектеген. Ошол учурда химия кошумча «экология» адистигин даярдоо башталган.
1998-2004-жылдары факультетти Ленинград мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин кандидаты, университеттин профессору Ч.С.Давлетова жетектеген. 2002-жылга чейин университеттеги ѳз алдынча факультет, 2002-2003-окуу жылдары Экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун курамында болуп, факультетти Москвадагы И.М.Сеченов атындагы медициналык институттун бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Курманбекова жетектеген.
2005-2006-окуу жылынан баштап кайрадан университеттин курамындагы өз алдынча эки факультет катары бөлүнүп чыгып, биология жана химия факультетин 2023-жылга чейин факультетти Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишевич жетектеген, ал эми география, экология жана туризм факультетин Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор Темирбек Макешович Чодураев жетектеген.
Учурдагы оптималдаштыруунун алкагында И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими (10-протокол 2023-жылдын 26-майы) жана ректордун буйругунун (№01-8/335 2023-жылдын 30-майы) негизинде Биология жана химия факультети, Экология жана туризм факультети биригип Химия, биология, география жана туризм институту түзүлгɵн. Институттун аты Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (№1-протокол 2023-жылдын 29-сентябрь) жана ректордун буйругунун (№01-8/618 2023-жылдын 29-сентябры) негизинде Табигый илимдер жана туризм институту болуп аталды. Азыркы учурда институттун курамында 5 кафедра бар.
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы - каф.башчысы б.и.к., проф. м.а. Г.А. Шаршеналиева
Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы - кафедра башчысы х.и.к., доц. Г.К. Насирдинова
Проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы - каф.башчысы б.и.к.,доц. С.К. Кендирбаева
География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы - кафедра башчысы г.и.к., доц. Д.Т. Солпуева
Экология жана туризм кафедрасы - кафедра башчысы г.и.к., доц. Т.А. Аблешов
Учурда табигый илимдер жана туризм институттун директору биология илимдеринин кандидаты Гульназ Тажибаевна Жалилова билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, илимий изилдөө иштерин жандандыруу багытында алгылыктуу программаларды түзүп, институттун жалпы жамаатын ийгиликтүү жетектөөдө.
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы
2023-2024 окуу жылынан баштап, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасын педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Кырбашова Майрамкүл Турганбековна жетектейт.
Кафедра көп кырдуу багыттар боюнча иштерди алып барууда, алар:
профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү - 78,5%, алардын ичинен 3 – илимдин доктору, 8 – илимдин кандидаты, мындан тышкары 4 – биологиянын магистри эмгектенет.
Кафедрада 2-3-4-курстун студенттери үчүн педагогикалык практиканын түрлөрү п.и.к., доц.м.а. М.Т.Кырбашованын, ага окутуучулар Н.О.Казакова жана Н.Д.Ниязованын жетекчилиги астында өткөрүлөт.
Кесиптик-профилдик практика
Окуу-методикалык иштер боюнча акыркы жылдары кафедра тарабынан жалпы 46 окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары кыргыз тилинде басмадан чыгып, окуу процессинде колдонулууда.
Илимий-методикалык иштер боюнча 2 багытта иш алып барат:
1.«Биологиялык объекттерге курчап турган чөйрөнүн жагымсыз шарттарынын тийгизген таасири»
2. «Биологиялык дисциплиналарды окутуунун формаларын жана мазмунун өнүктүрүү».
Кафедрада материалдык-техникалык база чыңдалып, окутуунун заманбап каражаттары менен толукталган жана азыр да толукталып жатат. Биологиялык илимий лабораториядагы Милдрей-88В биохимиялык анализатору менен 220га жакын биохимиялык талдоолорду жүргүзүүгө болот. Ал эми 1000-2000 эсе чоңойтуп көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар Альтами-7 микроскобу менен цитогенетика, цитология, гистология, микробиология, вирусология сабактары өтүлүп, студенттер жана магистранттар илимий иштерди аткарууда колдонулуп жатат.
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында илимий ийримдер, илимий методикалык семинарлар, тренингдер жана кереге отурумдар уюштурулуп турат.
Кафедранын куратору, ага окутуучу Н.Д. Ниязованын жетекчилиги астында «ЭКО Муун» ийрими иштейт. «ЭКО Муун» ийрими экологиялык маданиятты калыптандыруу, жаштарды айлана-чөйрөнү коргоого тартуу жана экологиялык туруктуулукка багытталган билим берүү аркылуу алардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөө менен экологиялык иш-чараларга активдүү катышып келишет.
Ошентип, жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын жамааты Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептери үчүн болочок биолог агартуучуларды даярдоодо зор салымын кошуп келет.
География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы
Он жылдан ашуун педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.К.Аттокурова жетектеп келген. География кафедрасы И.Арабаев атындагы КМПУнун Экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун алдында 2001-жылы уюшулган. Ал эми 2006-жылы 2 кафедрага: Физикалык география кафедрасы жана Социалдык, экономикалык жана саясий география кафедрасы болуп бөлүнгөн.
2022-жылы 550100 “Табигый илимий билим берүү багыты” боюнча эксперименталдык окуу планы даярдалып, география, биология мугалими деген кваликациянын негизинде окуу планы даярдалып студенттер кабыл алынды.
Кафедранын негизги максаты: окуу-методикалык, илимий, тарбиялык иштерди уюштуруу.
2016-2022-жылдардагы кафедранын стратегиялык өнүгүү планында география сабактарынын мазмунун өнүктүрүү, модернизациялоо, практикалык, лабараториялык сааттардын, лекциялардын методикалык деңгээлин, илимий тарбиялык жактан көтөрүү менен бирге адистерди даярдоонун түрлөрүн өркүндөтүү. Инновациялык жаңы ыкмаларды окуу жана илимий изилдөө иштеринде мектеп менен эффективдүү жаңы интеграцияларды түзүү, практикаларды уюштуруу жана өткөрүү.
Стратегиялык өнүктүрүү планында белгиленгендей акыркы жылдары кафедранын профессор-окутуучулары чет өлкөлөр менен илимий долбоорлордун негизинде иштеп жатышат.
2018-жылы Швеция мамлекети менен “Борбордук Азиядагы айлана-чөйрөнү коргоо: кеӊири ыкманы колдонуу менен башкаруу” аттуу долбоордун негизинде ГИС лаборатория уюштурулду.
2021-жылы Германия Федеративдүү Республикасы менен “Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү” аттуу долбоордун негизинде Кыргызстандагы жогорку окуу жайынын окутуучулары жана факультеттин студенттери үчүн семинар-тренингдер өткөрүлдү.
2022-жылдан бери Түндүк Атлантика аймагынын өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлары менен «Циркулярдык экономика» аттуу долбоордун негизинде 2 Окуу программасы иштелип чыкты.
Бишкек шаарынын №5, 50, 84, 11, 56 орто мектептеринин базасында педагогикалык практикалар о.э. окуу-талаа практикалары Чүй, Ысык-Көл аймактарында өткөрүлөт.
Кафедранын проф.м.а. Р.Т. Акматов авторлоштор менен бирге Орто мектептин 7-класстын “Материктердин жана океандардын физикалык географиясы”, кафедра башчысы доцент Д.Т. Солпуева жана ага окутуучу Н.Жумалиев жана авторлоштор менен бирге 9-класстын “Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык географиясы” окуу китептери, жумушчу дептери, методикалык колдонмолор даярдалды.
География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында заманбап компьютерлер, оргтехника, GPS-навигатор менен жабдылган Геоинформациялык системалар лабораториясы түзүлгөн, мында профессордук-окутуучулар курамынын, жаш окумуштуулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле кафедралардагы ГИС технологиялары пайдаланылган дисциплиналарды окуу-усулдук жактан камсыздоого болот.
География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишкен. Алардын ичинде геология-минерология илимдеринин доктору, профессор К.С.Сакиев, география илимдеринин кандидаты, институттун ардактуу профессору, Кыргызстандын география коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси С.К.Аламанов, география илимдеринин кандидаттары, доценттер: Бараталиев О.Б., Тенирбердиев Н.К.
Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого Кыргызстандагы көрүнүктүү педагогдор, методистер өзүлөрүнүн баа жеткис салымын кошкон.
Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы
В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөндөн бери, алгач табигый-илимий факультеттин курамында химия кафедрасы биринчилерден болуп уюшулган.
2023-жылдын сентябрь айынан бери кафедраны химия илимдеринин кандидаты, доцент Г.К.Насирдинова жетектеп келүүдө.
Кафедранын кызматкерлери “Нанодисперстүү материалдарды синтездөөнүн физика-химиялык негиздерин иштеп чыгуу” темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүп келишет. Аспиранттар, магистранттар, студенттер нанодисперстүү металддарды, куймаларды жана карбиддерди синтездөө боюнча илимий-изилдөө иштердин үстүндө иш алып барышат. Ошол эле учурда мектептин химия мугалимдеринин сунуштары боюнча институт менен биргеликте кафедранын профессордук-окутуучулук курамы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды да ишке ашырып келүүдө.
Замандын талабына ылайык 2023-24-окуу жылында химия, биология мугалими адистиги боюнча англис тилдүү тайпасы, 2024-25-окуу жылында фармацевтикалык химия адистиги ачылды.
Бүгүнкү күндө кафедра алдыңкы инновациялык технологияларды илимий талдоо менен бирге, илимий-практикалык иш-аракетти айкалыштырган, универсалдык жана табигый предметтер боюнча компетенцияларга ээ, квалификациялуу жана атаандаштыкка жѳндѳмдүү адистерди даярдоо менен, өлкөбүздү сапаттуу билим алган компетенттүү кесип ээлери менен камсыз кылып келет.
Экология жана туризм кафедрасы
14-май 1999-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун Европа цивилизациялары институтунда «Социалдык-маданий тейлөө жана туризм» кафедрасы уюштурулган.
Жаратылышты пайдалануу кафедрасы өз алдынча кафедра катары 2000-жылы биология илимдеринин доктору, профессор А.М. Мурсалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн.
2006-жылы май айында География, экология жана туризм факультетинин «Жаратылышты пайдалануу» кафедрасы менен Европа цивилизациялары институтунун «Социалдык-маданий тейлөө жана туризм» кафедрасын бириктирүү менен «Экология жана туризм» кафедрасы уюштурулган.
2014-2024 жылдары кафедраны г.и.к., проф. м.а. Т.А. Аблешов жетектеп келген.
Азыркы учурда кафедранын башчысынын м.а. ага окутуучу Токталиева Г.Р. жетектейт. Кафедрада 3 илимдин доктору, 2 профессор, 3 профессордун м.а., 6 илимдин кандидаты, 7доцент, 6 ага окутуучу, жана 6 окутуучу эмгектенет.
Кесиптик даярдоо боюнча Табигый илимдер жана туризм институтунда бардык адистиктер боюнча студенттер чет тил (англис) жана маалыматтык технологиялар боюнча тереңдетилген курсту өтөт.
Тил курстарынан сырткары адистешкен сабактардын 1/3 чет тилдеринде өтүлөт, бул эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатат. Окутуу процессинде студенттер англис тилин ийгиликтүү өздөштүрүшөт. 2024-2025 окуу жылында 600200 – «Туризм» багыты боюнча предметтер англис тилинде жүргүзүлгɵн группа жана кыргыз тил группалары ачылды.
Студенттер окуу практикаларын өлкөнүн эң кооз жерлеринде, токой экосистемаларында, ɵзгɵчɵ корголуучу улуттук парктарында, Ысык-Көлдүн жээгинде ж.б. жерлерде өткөрүшөт.
Өндүрүштүк практика Кыргызстандын ар түрдүү тейлөө ишканаларында жана туристтик фирмаларда тажрыйбалуу адис-практиктер жана окутуучулардын жетекчилиги астында өтөт.
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы Германиянын Табиятты коргоо коому NABU, Борбордук Азиядагы Тоо альянсы, Жөө жүрүш туризминин союзу, Хельветас программаларынын чегинде Кыргызстанда экология жана туризмди өнүктүрүү проблемалары боюнча ар турдүү семинарларда, тренингдерде, тегерек столдордо жана конференцияларда активдүү катышышат.
Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасыны
2002-жылы биология жана экология кафедрасы бөлүнүп, кафедрадан эки (биоартүрдүүлүк жана жалпы биология) кафедралары түзүлгөн. Биоартүрдүүлүк кафедрасынын уюшулушунун максаты болуп, дүйнө жүзүнүн өсүмдүк жана жаныбарлар коомдоштуктарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана алардын систематикасын окуп үйрөнүү болуп саналат.
1992-жылы Рио-де-Жанейродо дүйнөнүн 153 өлкөсү биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Эл аралык конференцияга кол коюшкан. Ар бир өлкөнүн милдети: өз чегиндеги биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо. 1996-жылы биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Эл аралык конвенция Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган.
Кыргызстан – Борбордук Азияда өзүнүн чакан территориясы болсо да жапайы өсүмдүктөр жана жаныбарлардын түрлөрүнүн уюшулган чөлкөмү болуп саналат. Бир миң квадрат километрге сүт эмүүчүлөрдүн 0,4 түрү, канаттуулардын 1,8 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 0,14 түрү жана балыктардын 0,23 түрү туура келет. Бул көрүнүш кошуна республикаларда салыштырмалуу аз.
Кафедранын сапаттык көрсөткүчү 73,4% түзөт. 2018-жылдан баштап азыркы учурга чейин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын башчысы болуп биология илимдеринин кандидаты, доцент С.К. Кендирбаева жетектеп келет.
Кафедранын курамы тарабынан акыркы беш жыл ичинде кɵптɵгɵн окуу жана окуу-усулдук куралдар даярдалып басылып чыккан.
Кафедрада илимий семинарлар жүргүзүлүп, студенттик ийрим иштейт. 2010-жылы эл аралык биоартүрдүүлүктү өркүндөтүү күнүндө эл аралык конференция өткөн. “Биоразнообразие: результаты, проблемы и перспективы исследований”. 22-май Биоартүрдүүлүктү коргоо күнүнө карата кафедра тарабынан Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп келет (2010-жылы, 2017-жылы, 2023-жылы, 2024-жылы). Кафедранын студенттери тарабынан “Сигнализация в растениях на большие расстояния: правда и вымыслы о нервной системе растений”, “Икебана жасоо чеберчилиги”, “Гербарий топтоо, кургатуу жана жасалгалоо ыкмалары” деген темаларда ар түрдүү илимий семинарлар жана ийримдер өтүп турат.
Кафедра илимий-технологиялык, билим берүү жана илимий-инновация жаатында түзүлгөн Эл аралык жана ички келишимдердин негизинде иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен (2023-2028-жж);
Э. Гареев атындагы Ботаникалык багы (2023-2028-жж);
3. Жалал-Абад облусу. Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу;
4. Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы (2021-2026-жж)
5. Кулун-Ата мамлекеттик коругу (2021-2026-жж)
6. Тогуз-Тороодогу «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы (2021-2026-жж)
7. Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу (2021-2026-жж).
8. «Ысык-Көл» биосфералык территориясы (2021-2026-жж)
9. Жалал-Абад облусу «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркы (2022-2027)
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институту (2023-2028-жж).
Эл аралык партнерлор менен дагы келишимдер түзүлгɵн:
1. Белорус мамлекеттик технологиялык университети, Минск, Беларусь Республикасы (чексиз мɵɵнɵткɵ);
2. М. Назаршоев атн. Хорог мамлекеттик университети, Хорог, Тажикстан Республикасы (2024-2029-жж);
3. Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим комитетинин "Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-изилдөө институту" чарбалык жүргүзүү укугундагы республикалык мамлекеттик ишканасы, Жамбыл, Казакстан Республикасы (2024-2029жж).
4. Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Ботаника институту (2024-2029 жж).