Педагогика жана психология институту
Тарыхы
Педагогика жана психология институту И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу, илимий, методикалык чоң бир бөлүмү болуп эсептелет.
Институттун максаттары жана милдеттери – билим берүүнүн талапка жооп берүүчү сапатын камсыз кылууга, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жана критерийлерине туура келген кесиптик билим берүү программаларын, окуу-методикалык жана илим-изилдөөчүлүк иш аракеттерди, студенттердин, магистранттардын окуудан өз алдынча ишин уюштурууну, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоону, квалификацияны жогорулатууну ишке ашырууга багытталган.
Окуу-методикалык иштер
Институт И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхында 80 жылдык убакыттан бери башталгыч класстын мугалимдерин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларын, 25 жылдан ашык убакыттан бери атайын мектептер жана мекемелер үчүн адистерди (логопед, сурдопедагог, олигофренопедагог) даярдап келе жаткан республикалык деңгээлде белгилүү.
Илимий-изилдөө иштери
Институтта илимий кадрларды даярдоого, магистранттарга, аспиранттарга, докторанттарга жетекчилик кылууга чоң көңүл бурулат.
13.00.02 – окутуу менен тарбиялоонун теориясы жана методикасы боюнча иш алып барып жаткан диссертациялык кеңештерде биздин институттун профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү бар. Алар, 13.00.02 – окутуу менен тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз тили жана адабияты, психология) боюнча диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы, п.и.к., профессордун милдетин аткаруучу Д.К. Омурбаева, 13.00.02. – окутуу менен тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика жана информатика) боюнча диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы, п.и.к., профессордун милдетин аткаруучу Г.К. Казиева.
Институт билим берүү процессинен тышкары мектепке чейинки педагогика, балдар психологиясы, башталгыч билим берүү, атайын психология, клиникалык психология окутуунун формаларын, методдорун координациялоо областтары боюнча тереңдетип изилдөөнү камсыз кылуу багытында иш жүргүзүлөт. Буга байланыштуу институттун окумуштуулары өздөрүнүн квалификацияларын өркүндөтүү максатында ар түрдүү эл аралык семинарларга, тренингдерге активдүү катышып, окутуунун интерактивдүү формалары боюнча тренингдерди өткөрүү укугу берилген сертификаттарга ээ.
Эл аралык байланыштар
Бир нече жылдан бери педагогика жана психология институту жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташат.
- Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети,
- Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык институту,
- М.Х. Дулати атындагы Тараз педагогикалык университети,
- Кытай Эл Республикасынын Гуань шаарындагы Нишан педагогикалык университети ж.б..
Ошондой эле эл аралык уюмдар: “Step ty step” эл аралык ассоциациясы, “Балдарды коргогула” фонду (Великобритания), Ачык коом институту (Венгерия), “Ден соолук институту”, Санкт-Петербургдагы И.П. Павлов атындагы физиология илим-изилдөө институтунун «Инклюзиянын биологиялык жана социалдык негиздери», Корея мамлекетинин Конжу жана Моквон университети менен кызматташат.
Институттун материалдык-техникалык базасы
Педагогика жана психология институту №3 окуу корпусунда жайгашкан, заманбап материалдык-техникалык база менен толук кандуу жабдылган, окуу процесси үчүн күчтүү интернет провайдерге туташтырылган, ошондой эле 4 интерактивдүү такта, 4 панель, 8 проектор, 58 компьютер, 21 ноутбук менен жабдылган. Күчтүү интернет провайдерге туташтырылган мультимедиалык борбор да терең билим берүүгө чоң шарт түзөт. Педагогика жана психология адистигинде окутулган дисциплиналарды окуу-методикалык жактан толук камсыздаган 1 китепкана, 1 окуу залы, заманбап методикалык кабинеттер, Жоомарт Усубакунович Байсалов атындагы методикалык кабинет, балдар реабилитациялык борбору, педагогикалык, ЖОЖдор аралык инклюзивдик билим берүү, клиникалык психология, профессор Каратай Сартбаев атындагы И.Арабаевдин педагогикалык мурастарын үйрѳнүү жана жайылтууга арналган илимий-изилдѳѳ лабораториялары, Монтессори ресурстук борбору, 29 аудитория, 26 компьтер менен жабдылган 2 компьютердик класс бар.
Институттун профессордук-окутуучулар курамы
Институттун профессордук-окутуучулук курамын 97 кызматкер түзөт, анын ичинде 7 илимдин доктору, 44 илимдин кандидаты, 19 магистр бар.
Аталган институтта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими К.С. Сартбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер Ж.К. Асанова, А. Мураталиева, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер Дж.У. Байсалов жана окумуштуу-педагогдор А.Айылчиев, Жунушалиев, Б. Өмүралиев, Т.К. Калтаевдер эмгектенишкен. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Дж.У. Байсалов институтту бир нече жылдар бою жетектеп, институттун ар тараптуу өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.
Азыркы күндө да институттун окуу-практикалык жана илимий-методикалык стажы бай тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курамдан турат, башкача айтканда күчтүү методисттер жана окумуштуулар эмгектенишет.
Азыркы учурда институт “Педагогика” багытында төмөнкү профилдер боюнча даярдайт:
550700 башталгыч билим берүү;
550700 мектепке чейинки билим берүү;
550700 мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү;
550700 олигофренопедагогика;
550700 сурдопедагогика;
550700 логопедия;
550700 логопедия, мектепке чейинки билим берүү;
550700 логопедия, башталгыч билим берүү.
550700 «Психология» кошумча кесиптик билими менен башталгыч билим берүү (эксперименталдык окуу планынын негизинде)
550700 Башталгыч билим берүү (англис тилинде) (эксперименталдык окуу планынын негизинде)
Билим алуучулардын контингентин күндүзгү, дистанттык окутуу формаларында окуган студенттер жана магистранттар түзөт.
Магистратура педагогикалык билим берүү тармактарына адистештирилген кадрларды даярдоо максатында түзүлгөн институттун структуралык бир бөлүмү. 2003-жылы п.и.д., проф. Дж.У. Байсаловдун жетекчилиги алдында ачылган.
550700 “Педагогика”, “Педагогика багытынын магистри” багытындагы магистрлерди даярдоо мөөнөтү: күндүзгү окуу формасында 2 жыл, сырттан окуу формасында 2,5 жыл. Учурда институт “Педагогика” багытындагы тѳмѳнкү профилдер боюнча магистрлерди даярдайт.
Профилдер:
550700 башталгыч билим берүү.
Профессордук-окутуучулар курамы жакынкы, алыскы өлкөлөрдөн (Голландия, Турция, Германия, Тажикстан, Казакстан, Россия) стажировка, курстардан өтүп, өздөрүнүн адистик деңгээлин өркүндөтүү үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барышат.
Педагогика жана психология институтунун курамында 5 кафедра, 1 психология бѳлүмү бар:
Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасы
Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы.
Табигый математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектептерде окутуунун технологиясы кафедрасы.
Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы.
Педагогика кафедрасы.
Психология бөлүмү.
Студенттик турмуш
Институттун Студенттик өкмөтү жыл сайын түзүлүп, план боюнча иш алып барат. Институттун студенттери жана магистранттары жөндөмдүүлүктөрүн студенттик иш-чараларда: ШТБда, фестивалдарда, илимий-изилдөө иштеринде, спорттук мелдештерде көрсөтө алышат, моделдик мекемелерден инновациялык технологияларды алып келүү, чет мамлекеттерде практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ар кыл жактан таланттуу студенттерибиз университеттин активдүү студенттеринин катарын толуктап келишет. Ар жыл сайын КР Президентинин стипендиясына ээ болгон студенттерибиз бар.
Институтту (факультетти) п.и.к., доцент К. Жунушбаев, п.и.к., доцент А. Айылчиев, ф.и.к., доцент К. Кененбаева, п.и.д., проф. Ш. Алиев, п.и.к., доцент А. Касымов, п.и.к., доцент К. Тилекеев, п.и.д., проф. Ж.Байсалов, п.и.к., доцент М. Оңолбаевдер жетектеп келишкен.
Профессор Ж.У. Байсаловдун жетекчилиги астында педагогика факультети Педагогика жана психология институту болуп түзүлгөн жана институттун алдында магистратура бөлүмү ачылып иштей баштаган. Институттун окуу-техникалык базасын чыңдоо, эл аралык байланыштарды өркүндөтүү боюнча көптөгөн алгылыктуу иштер жасалган. Азыркы учурда институтту п.и.к., доцент Г.К. Казиева жетектеп келүүдө. Ал студенттердин контингентин жакшыртуу жана арбытуу, институттун профессордук-окутуучулар курамынын билимин жана квалификациясын жогорулатуу, эл аралык байланыштарды чыңдоо маселелерин колго алып, бир топ айтарлык иштерди жасоонун үстүндө.
Буга студенттик контингенттин арбышы, профессордук-окутуучулар курамы үчүн ар түрдүү тематикадагы семинар, конференциялардын уюштурулушу Россия жана Казакстан республикасынын жогорку окуу жайлары менен бирдикте жүргүзүлгөн иш-чаралар мисал.
Институттун жалпы контингенти 1660 студент, 460 магистрантты түзѳт.
Ардактуу бүтүрүүчүлөр
Институт өзүнүн жогорку наамдарга ээ болгон ардактуу бүтүрүүчүлөрү: Социалисттик Эмгектин баатыры, Ат-Башы районундагы Кызыл-Дыйкан орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенген Апыш Койчуманов, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Чүй районундагы Кегети орто мектебинде эмгектенип жаткан Симила Абдырахманова ж.б. менен сыймыктанат.
Бул инсандардын педагогикалык иш тажрыйбасын үйрөнүү жана пайдалануу максатында п.и.д. Б.С. Чокошованын жетекчилиги астында “Социалисттик Эмгектин баатыры Апыш Койчумановдун педагогикалык мурастарын изилдеп-үйрөнүү”, “Кыргыз Эл мугалими Симила Абдырахманованын башталгыч билим берүүгө кошкон салымы” аттуу темада магистрдик диссертациялар жазылган.
Педагогика жана психология институту жаш муундарга билим берүү ишине чоң салым кошкон, өздөрүнүн билимин, тажрыйбасын, сүйүүсүн жана өз өмүрүнүн көптөгөн жылдарын келечек муундарга арнаган такшалган педагог-илимпоздор түзгөн бай, уникалдуу тарыхка ээ.
Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы
Азыркы И. Арабаев атындагы КМУнун Мектепке чейинки педагогика жана психология кафедрасы 1963-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту кезинде уюшулган.
Аталган кафедрада КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Ж.К. Асанова, п.и.д., профессор М.Р. Рахимова, психол. и. к., профессор Дж.М. Жумалиева, психол. и. к., доцент Н.Н. Палагиналар эмгектенип, кафедранын түптөлүшүнө өз салымдарын кошкон.
Аталган кафедраны көп жылдар бою п.и.к., профессордун м.а. Т.А. Орусбаева жетектеп, көп алгылыктуу иштерди жасады.
Кафедранын түзүмү республикалык деңгээлде мектепке чейинки билим берүү системасында көптөгөн алгылыктуу иштердин демилгчилери. Кафедра мүчөлөрүнүн күчү менен республика боюнча жамааттык балдар бакчаларынын тарбиячылары окутулуп, азыркы күндө бул бала бакчалар салттуу бала бакчалар менен биргеликте иш алып барууда. Кафедра мүчөлөрү “Р.Отунбаеванын демилгеси фонду”, Ага Хан фонду, ФПОИ, “Сорос фонду”, эл аралык ЮНИСЕФ, “Сапаттуу билим” уюмдары менен кызматташып, 2008-жылы кафедра “Жамааттык балдар бакчасында эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсу” долбоорун утуп алып, АӨБ тарабынан каржыланган үч аймакта 250 тарбиячыны окутуп, ЭЖБӨ проблемасы боюнча 25 тренерди даярдашкан.
2013-жылы кафедра күндүз жана сырттан окуган студенттердин үзгүлтүксүз практика өткөрүүсү үчүн база катары “Уникум” балдардын билим берүү борборун ачып, анда мектепке чейинки билим берүү адистигинде билим алган студенттер үчүн атайын лабораториялык негиз болгон.
“Көчмө бала бакча долбоору” 2021-2040-жылдарга КРнын билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында кафедра тарабынан иштелип чыккан.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасына кафедранын окутуучулары активдүү катышты. КРнын Президентинин Администрациясынын “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы «КРда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө» челленджин ишке ашыруу максатында кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан өлкө боюнча 700дөн ашуун бала бакча ачууга ниет кылган ишкер айымдарга семинар өтүлдү.
Кафедра мүчөлөрү “Санатал педагогикасы”, “М. Монтессоринин программасы”, “Глобалдык билим берүү”, “Инклюзивдик билим берүү”, “Вольдорф педагогика”, “Сынчыл ойлом”, “Кадам сайын кадам” программалары жана Зайцеванын методикасынын негизинде тренингдерди өткөрүү методикасына ээ болушкан.
Республиканын бардык мектептерине милдеттүү түрдө киргизилген 240 сааттык “Балалык” программасы, 2015-жылдан тартып иштеп жаткан “Наристе”(480 саат) 1 жылдык балдарды мектепке даярдоо программасын (окутуучулар Т.А. Орусбаева, Н.К.Тунгатарова, Д.К. Садыкбекова, магистранттар А. Камалова, Г. Расулова) кафедра мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн 5-жана 6-класстардын “Музыка” окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолору А.М. Муратова тарабынан иштелип чыккан (авторлош К.Дж. Артыков) жана мектепке чейинки балдар үчүн “Ырда, бөбөк” ноталык хрестоматиясы түзүлгөн.
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы проф. м.а. Орусбаева Т.А., п.и.кандидаттары, доценттер Э.К. Омуралиева, Н.К.Тунгатарова, Т.А. Ашымбаева, А.М. Муратова, ага окутуучулар М. Каласалиева, С.Б. Жумагулова, педагогика магистри Э.Б. Тентиевалар түзүшөт. Булардын бардыгы КР Эл агартуусунун мыктылары, И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде “Эмгек сиңирген ишмер” медалынын, илимий эмгектери жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн ардак грамоталардын жана дипломдорун, ыраазычылык каттардын ээлери.
Педагогика кафедрасы
1952-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин түзүлүшү менен катар эле, педагогика-психология дисциплинаналар кафедрасысы иштей баштаган.
Педагогика кафедрасынын 70 жылдан ашык тарыхында Г.Ф. Сайфулин, Б.А. Акмолдоев, Т.В. Ташевская, Ш.Ж. Джанузаков, Х.А. Калимов, М.Р. Рахимова жана Т.В. Панкова кафедра башчысынын милдетин аткарып келишкен.
Кѳп жылдар бою Ш.Ж. Джанузаков кафедра башчысы болуп, кафедрага башчылык кылуу менен бирге, жаштарды адеп-ахлакка жана патриоттуулукка үндѳгѳгѳн илимий эмгектерди жазган. Ш.Ж. Джанузаковдон кийин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Х.А. Калимов кафедра башчысы болуп, ѳзүнүн ѳмүрүн элдик билим берүүгѳ арнаган. Х.А. Калимов айылдык окуучуларды эмгекке тарбиялоо боюнча кандидаттык диссертациясын коргоо менен 8 илимдин кандидатын даярдап, 100дѳн ашуун илимий эмгектердин автору. Чүй облусунун Москва районундагы Александровка орто мектеби Х.А. Калимовдун атын алып жүрөт.
1981-2003-жылдары кафедраны КРдин Эмгек сиңирген ишмери, И. Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, педагогика жана социалдык илимдер академиясынын мүчѳсү, п.и.д., профессор М.Р. Рахимова жетектеп келген. М.Р. Рахимованын жетектѳѳсү менен кафедранын мүчѳлѳрү педагогикалык илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүгүн щайкеш келтирип, ошону менен бирге эле келечектеги XXI кылымдын кадрларын мугалимдик кесипке даярдоонун жана аны ѳркүндѳтүүнүн практикалык жолдорун, методдорун табуунун үстүндѳ үзүрлүү эмгектенишкен. Анын жетекчилиги астында 3 педагогика илимдеринин доктору, 20 дан ашык педагогика илимдеринин кандидаты диссертацияларын коргошкон.
2003-2008-жылдары кафедраны п.и.д., профессор Т.В. Панкова жетектеп, 10дон ашык аспиранттары диссертацияларын жакташкан.
Кыргызстанга белгилүү педагогдор А.А. Айнабеков, Б.Д. Хасанов, Т.Д. Дербишалиев, Н.К. Фаткулина, К. Кененбаев, А.Ы. Ысыкеев, П.Д. Дадабаева, А.Г. Тулегенова, Л.А. Лосановалар кафедранын ѳзѳгүн түзүшкѳн.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлѳрү ѳзүнүн ѳмүрүн педагогикага жана окутуучулук ишмердүүлүккѳ арнагандыгы үчүн Н.И. Имаева, М.А. Абдыкеримов, Э.Т. Токсонбаева, Т.А. Орусбаева, Р.И. Курманходжоева, Ж.М. Жумалиева, А.Т. Арзыгулова, А.Т. Калдыбаева менен кафедра ар дайым сыймыктанат. Бул окумуштуулардын жетекчилиги астында мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары жана окуу китептери жазылган.
2009-жылдан 2023-жылга чейин педагогика кафедрасын п.и.д., профессор А.Т. Калдыбаева жетектеген. Анын жетекчилиги астында 33 педагогика илимдеринн кандидаттары даярдалды. Кафедра көптөгөн ийгиликтерге жетип, кадрдык потенциалы жогорулаган, кафедрага п.и.докторлору Ж.К. Каниметов, А.Ж. Муратов, К.К. Акматовдор тартылып, азыркы күндө ийгиликтүү эмгектенип жатышат. А.Ж. Муратов тарабынан 3 илимдин доктору, 10дон ашык илимдин кандидаттары даярдалды.
Сманбаев Өрнөк Аманович докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактады, анын бир нече аспиранттары диссертациянын үстүндө эмгектенүүдө.
П.и.кандидаттары Э.Т. Токсонбаева, С.Н. Пак, М.М. Эсенгуловалар кафедранын тарыхында талыкпаган эмгектери менен барктуу.
Кафедрада КРнын, Казахстандын 70 аспиранты, 93 PhD докторанты, 40тан ашык магистранттары профессорлордун жетекчилиги астында илимий изилдөөлөрүн коргоп, дагы да уланууда.
2022-23-окуу жылынын рейтинги боюнча педагогика кафедрасы биринчи орунду ээлеп, Калдыбаева А.Т. – жылдын мыкты профессору болду.
Кафедранын курамын насаатчы педагогдор менен катар изденген жаш окумуштуулар жана окутуучулар түзөт.
Психология бөлүмү
Учурда кафедра эки багыт боюнча адистерди даярдайт: 530300 «Психология» бакалавр жана магистратура. Бакалавр: практик психолог адистиги боюнча;
Магистратура: «Билим берүү психологиясы»; «Башкаруу психологиясы»; «Аскер психологиясы»; «Педагогикалык психология жана атайын билим берүү».
1986-жыл психологиянын Кыргызстанда өз алдынча илим катары өнүгүү мезгили деп аныкталган.
Республикада 1986-жылдан баштап, жогорку окуу жайларында өз алдынча кафедрасынын түзүлүшү психология илиминин теориялык жана практикалык өнүгүүсүнө шарт түзгөн.
2002-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде биринчи жолу психология багытында адистерди даярдоо максатында психология кафедрасы ректор, профессор А.А. Асанкановдун буйругу менен ачылган. Ага ректордун 2002-жылдын 1-июлунда №178 буйругу менен психология кафедрасын жетекчилик милдетин убактылуу аткарууга Дж.Джумалиева дайындалган. 2004-жылы КМПУнун Окумуштуулар кеӊешинин чечиминин негизинде 4-февралдагы ректордун 25/5 буйругу менен педагогика жана психология институтунун психология кафедрасынын башчысы болуп Дж. Джумалиева дайындалган. Жаӊы ачылган кафедрада п.и.к., доцент А.Ы. Ысыкеев (1930-2011) 2008-жылы доктордук диссертациясын жактаган; психол.и.к., доцент Дж.Джумалиева; психол.и.к., доцент Т.А. Коӊурбаев; ага окутуучу, практик-психолог багыты боюнча адис К.М. Кожогелдиева 2009-жылы кандидаттык ишин коргогон; ага окутуучу, психология боюнча магистр Б.У. Асаналиева; ага окутуучу, практик-психолог, психология багыты боюнча магистр А.С. Кожогелдиев эмгектенишкен.
Психология кафедрасынын өз алдынча болуусу окутуучулардын активдүүлүгүн жогорулатты. Психология илимий академиялык гана деӊгээлде эмес, практикалык багытта да өнүгүүсүнө шарттар түзүлдү.
2003-жылы КМУнун педагогика жана психология институтунун директору Дж.У. Байсаловдун колдоосу менен кафедрада психология багытында «Билим берүү психологиясы» адистиги боюнча магистратура ачылды.
Кафедрада илимий изилдөөлөрдү активдештирүү, орус жана кыргыз тилинде окуу китептеринин басмадан чыгышы, методологиялык көрсөтмөлөрдү жазуу, «Билим берүү психологиясы» боюнча магистратуранын педагогика кафедрасынан бөлүнүп психология кафедрасында ачылышы ийгилик менен коштолду. Анын негизинде кафедрада «Башкаруу психологиясы» багыты боюнча магистратура да ачылды.
Аскер кызматкерлерине кафедра мүчөлөрүнүн илимий-практикалык негизде психологиялык көмөк көрсөтүү жолго коюлган. Психология илиминин ѳнүгүүсүндѳ 2002-2024-окуу жылында, б.а. 20 жылдан ашык убакытта психология кафедрасында негизинен психология илиминин кандидаттарынын илимий-практикалык иши, окуу китептеринин басмадан чыгышы ѳзгѳчѳ мааниге ээ.
Математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун технологиясы кафедрасы
И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун технологиясы кафедрасы адистерди бүтүрүп чыгаруучу кафедралардын бири.
1992-жылга чейин математика жана анын методикасы боюнча окутуучулар “Башталгыч билим берүүнүн методикасы” кафедрасынын курамында болуп, доценттер П. Иманбеков, К. Ибраимовдор жетекчилик кылыщкан.
1992-жылы табигый-математикалык дисциплиналар кафедрасын Ш.А. Алиев уюштуруп, жетектеген. Кафедрага мүчө болуп Т. Калмурзава, М. Дооталиева, Т.О. Кызалакова, Т.К. Калтаев, Ж.С. Коңурбаева, Д. Урстамбеков, О. Төлөбаев сыяктуу тажрыйбалуу окутуучулар кирген.
1994-1999-жылдары кафедраны доцент Т.К. Калтаев жетектеген. Ал кезде кафедрада доценттер Алиев Ш.А., Жакыпбеков М., Кызалакова Т.О., окутуучулар Сейитказиев Г., Коңурбаева Ж.С., Төлөбеков Ө. жана башкалар иштешкен.
1999-жылдан баштап бул кафедранын мүчөлөрү «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы» кафедрасынын курамында болуп, кафедраны доцент Т.А. Орусбаева жетектеп келген.
2002-жылдын февраль айында Мектептик билим берүүнүн педагогикасы факультетинде башталгыч билим берүүнүн математика жана табият таануу кафедрасы уюштурулган. Бул кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.М. Тилекеев жетектесе, 2003-жылдын март айынан баштап кафедра «Математика жана аны окутуунун технологиялары» кафедрасы болуп өзгөртүлүп, ага окутуучу Т.Т. Мурзаев, 2003-жылдын ноябрь айынан 2008-жылга чейин кафедраны профессордун м.а. Н.И. Ибраева жетектеген.
Кафедранын тарыхында белгилеп айта турган учур – анын сыймыгы болуп эсептелген педагогика илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер, КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эмгек сиңирген мугалими, башталгыч класстар үчүн математика окуу китептеринин автору, проф.м.а. Н.И. Ибраева жана КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, педагогика жана окутуу методикасы боюнча 210дон ашык илимий, илимий-методикалык эмгектердин автору, п.и.д., профессор Дж.У. Байсалов, п.и.к., илимий-методикалык эмгектердин автору Т.К. Калтаев эмгектенишкен.
2008-жылдан 2011-жылга чейин кафедраны п.и.к., доцент М.Б. Оңолбаев 2011-жылдын сентябрь айынан 2023-жылдын июль айына чейин п.и.к., доцент Г.К. Казиева жетектеген.
2016-жылы кафедранын аталышы «Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары» деп өзгөртүлүп «Мекен таануу» дисциплиналары кошулган.
Математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы: п.и.к., проф. м. а. Казиева Г.К., ардактуу профессор Коңурбаева Ж.С., педагогика илимдеринин кандидаттары Оңолбаев М.Б., Ажымамбетова Г.И., Касымалиева Г.О., Сейталиева Э.С., Узакова М., ага окутуучу Мурзаев Т.Т., окутуучулар Конушбаева А., Жоомарт кызы Айзада, улук лаборант Канатбекова Н.К.
2023-2024-окуу жылдан тартып кафедранын башчысы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.К. Узакова.
Кафедранын окутуучулары окутуучулук ишмердүүлүгүндө заманбап билим берүү технологияларын колдонуп билим берүү менен катар, түрдүү Эл аралык программаларга катышып, Эл аралык тренерлердин сертификаттарына жана улуттук тренер макамына ээ. Кафедра мүчөлөрү бир нече жылдардан бери ЮСАИДдин «Сапаттуу билим», «Кадам артынан кадам», «Оценивание навыков математики в начальных классах (EGMA) катары заманбап: Көп тилдүүлүк Герман кызматташтыгы «GIZ», АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин USAID «Окуу керемет!» долбоорлорунда активдүү катышуучулары.
Окуу-тарбия иштери менен катар кафедра профессордук-окутуучулар курамы окуу-методикалык материалды түзүү боюнча да көп иштерди жүргүзүп жатат. Кафедра мучөлөрү тарабынан төмөнкүдөй илимий-методикалык эмгектер жана окуу китептери иштелип чыккан:
- Казиева Г.К. Башталгыч математиканын теориялык негиздери, 2015.
- Сейталиева Э.С., Касымалиева Г.О. Башталгыч математиканын теориялык негиздери, 2021.
- Байсалов Дж.У., Сейталиева Э.С., Касымалиева Г.О. Математикалык маселелерди чыгаруунун практикуму 2021-ж.
- Узакова М.К., Казиева Г.К. Мектеп математика курсун актуалдаштыруу, 2022-ж.
- Казиева Г.К., Узакова М.К., Канатбекова Н.К., Жоомарт к А. 1-4-класстар үчүн текшерүү иши 2022-ж.
Кафедранын бардык кызматкерлери илимий-изилдөө, окуу-методикалык иштерди жүргүзүп, институттун жана И. Арабаев атындагы КМУнун коомдук иштерине активдүү катышкан.
Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы
Педагогика жана психология институтунун Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы – институттун негизги, адистерди бүтүрүп чыгаруучу кафедраларынын бири.
Кафедрада тажрыйбалуу окумуштуу-методисттер, илимдин докторлору, кандидаттары, ага окутуучулар жана окутуучулар эмгектенишет.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамында педагогика илимдеринин докторлору Б.С. Чокошева, В.И. Мусаева, А.Р. Акунова, педагогика илимдеринин кандидаттары Р.Т. Сатылганова, М. Раимбекова, Д.К. Омурбаева, М.Р. Нуркулова, М.А. Куканова, Н.К. Сегизбаева, Н.Э. Абдраева, Д.Ш. Мырзадаирова ж.б. бар.
Университеттин, институттун, кафедранын сыймыгы катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери К.С. Сартбаев, С. Кондучалова, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер А. Мураталиевалар эмгектенишкенин белгилеп өтөбүз.
Кафедранын негизги максаты болочок башталгыч класстардын мугалимдеринин кыргыз, орус тилдери боюнча билимдерин өркүндөтүү, башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун методдорун жана ыкмаларын үйрөтүү, адеп-ахлах жана инсандык сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.
Кафедранын профессор-окутуучулук курамы квалификациясын жогорулатуу максатында республикадагы жогорку окуу жайларынын жана ЮСАИД, ЮНИСЕФ, Сорос-Кыргызстан Эл аралык уюмдарынын долбоорлоруна активдүү катышат. Конференция, семинарларда өз докладдарын окушат. Тажрыйба алмашуу максатында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик утиверситетинин, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, А. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультеттеринин тил кафедралары менен кызматташат.
Кафедра мүчөлөрү Б.С. Чокошева, Д.К. Омурбаева, М. Раимбекова “И. Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген ишмери” наамына, М.Р. Нуркулова “Мыкты тарбиячы”, В.И. Мусаева “Университеттин мыкты доценти” наамына ээ болушкан.
Окуу-тарбия иштери менен катар кафедранын профессордук-окутуучулар курамы окуу китептерин, окуу-методикалык куралдарын, типтүү программаларды түзүүнүн үстүндө эмгектенишет. Алар иштеп чыккан окуу куралдары жана программалары, окуу-методикалык комплекстери институттун окуу процессинде активдүү колдонулууда.
- Чокошева Б.С. “Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы”, Б.: 2022; “Жаңы билим берүүнүн технологиясы”; “Кенже класстардын окуучуларынын окуу жетишкендиктерин баалоо”, Б-2023;
- Мусаева В.И. “Окуучулардын кебин өстүрүүнүн методикасы”, Б-2021; Мусаева В.И. “Кептин стилистикасы”, Б-2022;
- Нуркулова М.Р., Омурбаева Д.К. “Современный русский язык”, Б-2022; “Русский язык в картинках”, Б -2017; “Звуковое пособие”, Б-2017.
- Омурбаева Д.К., Нуркулова М.Р. “Русский язык”, Б -2020; Башталгыч класстардын “Орус тили” окуу китеби;
- Чокошева Б.С., А.Р. Акунова Башталгыч класстардын “Кыргыз тили” окуу методикалык комплекси
- Омурбаева Д.К. Мусаева В.И. “Адеп” окуу китебинин авторлору.
Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы
Социалдык педагогика жана психокоррекция кафедрасы 1984-жылдан бери атайын педагогдорду даярдап келе жатат. Кафедра уюшулгандан тартып тажрыйбалуу окутуучулар менен катар ушул күнгө чейин билим берүү жана саламаттык сактоо системаларынын адистештирилген мекемелеринде, клиникалык жана педагогикалык иштерде тажрыйбасы бар жаш окутуучулар эмгектенишет. Негизги көңүл ишмердүүлүккө багыттталган инновациялык мүнөздөгү инфраструктураны жаратууга жана өнүктүрүүгө, атайын билим берүү мекемелери,калыбына келтирүү борборлору,илимий жана саламаттык сактоо мекемелери менен кеңири масштабда кызматташууга бурулат.
Кафедранын окутуучулары Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк каржылаган д