Дене тарбия жана спорт институту

Адрес: Раззаков көч., 51
Телефон,Факс: 0312546670

Тарыхы

И.Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия жана спорт институту 2016-жылдын 6-июнундагы № 10-8/308 буйругунун негизинде дене тарбия бөлүмү катары түзүлгөн.

2021-жылы бөлүмдө дене тарбия жана аны окутуу технологиясы кафедрасы ачылган. 2022-жылдын 1-ноябрында кафедра дене тарбия факультети катары өзгөртүлгөн. 2024-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен факультет Дене тарбия жана спорт институту катары кайра түзүлгөн.

ДТжСИ ишинин негизги көрсөткүчтөрү болуп кадрдык потенциал, окуу жана илимий-методикалык иштер, илимий-изилдөө иштери, спорттук иш-чаралар, тарбия иштери, материалдык-техникалык база, эл аралык кызматташтык ж.б. саналат. Окуу дисциплиналарын окутууну жакшыртуу максатында институтта бардык дисциплиналар боюнча компетенттүүлүк негизинде жумушчу программалар, адистиктин окуу планынын предметтери боюнча электрондук лекциялар түзүлгөн. Окутулган предметтер боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде окуу-методикалык куралдар, спорттун бардык түрлөрү боюнча нускамалар иштелип чыкты.

Институттун билим берүү ишмердүүлүгү заманбап билим берүү технологияларынын негизинде коомдун жана мамлекеттин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги муктаждыктарын эске алуу менен модернизацияланды. Дене тарбия системасын илимий негиздөө менен байланышкан изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин камсыз кылган заманбап илимий-изилдөө жана инновациялык лабораториялык базалар түзүлдү. Ошондой эле, профессордукокутуучулар курамынын кесиптик өсүшүнө шарттарды түзүү жана дене тарбия жана спорт тармагындагы алдыңкы адистерди тартуу аркылуу институттун кадрдык потенциалын өнүктүрүү боюнча иштер системалуу негизде жүргүзүлүүдө. Институттун материалдык-техникалык базасы жылдан жылга жакшырууда.

Окутуу багыттары жана адистиктер

Институттун ишмердүүлүгү 532000 Дене тарбия жана спорт даярдоо багыты боюнча ЖКББ МББС (Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары) ылайык жүргүзүлөт.

Бардык ишке ашырылган билим берүү программаларынын тизмеси (бакалавр, магистратура, аспирантура). Институтта төмөнкү билим берүү программалары ишке ашырылат: Дене тарбия жана спорт; Дене тарбия мугалими, аскерге чейинки даярдык.

Бүтүрүүчүлөр алган квалификациялар: бакалавр, магистр, аспирантура, ОББ (орто билим берүү).

Түзүлүшү

Кафедралар, борборлор, лабораториялар. Дене тарбия кафедрасы жана аны окутуу технологиясы, Дене тарбия структуралар аралык кафедрасы, Дарылоо дене тарбия борбору.

Илимий бөлүмдөр

Илимий ишмердүүлүк: спорттун социалдык салымына багытталган изилдөөлөрдүн кеңири спектри, спортту социалдык, экономикалык жана маданий көйгөйлөр чечилген контекст катары кароо.

- Спортчулардын функционалдык абалын диагностикалоо;

- окуу-машыгуу жыйындарын коштоонун алкагындагы калыбына келтирүү иш-чаралары;

- таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттары учурунда дарылоо-алдын алуу иш-чаралары;

- таяныч-кыймыл аппаратында болгон жаракаттардан жана операциялардан кийин реабилитациялоо;

- спортчулар үчүн аналитикалык изилдөөлөр (видео талдоо, атаандаштык жана машыгуу процессинин маалыматтарын чогултуу жана талдоо, статистикалык изилдөөлөр;

- спортчулардын машыгуу процессин медициналык-биологиялык жактан колдоо;

- спорттук адистигин эске алуу менен тереңдетилген жана учурдагы медициналык кароо.

Институттун илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары 13.00.04 Дене тарбия теориясы жана методикасы, спорттук машыгуу, ден соолукту чыңдоо жана адаптивдик дене тарбия адистигинин шифри боюнча ишке ашырылат.

Эл аралык кызматташтык

- П.Лесгафт атындагы Санкт-Петербург улуттук мамлекеттик университети,

- "Спорт, Адам, Ден соолук” Илим жана спортко көмөктөшүү боюнча эл аралык коомдук уюм,

- Өзбекстан Республикасынын дене тарбия жана спорт адистерин кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту.

Өнөктөш ЖОЖдор жана уюмдар. Институт өлкөнүн бардык ЖОЖдору, ошондой эле Бишкек шаарындагы спорт клубдары жана борборлору менен кызматташат. Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар, КР Аялдар футболунун ассоциациясы менен кызматташуу жүрүп жатат.

Студенттик жашоо

Студенттик уюмдар жана клубдар: институтта спорттун түрлөрү боюнча спорт клубдары иштейт.

Кошумча билим берүү программалары: Дене тарбия жана спорт кошумча аскерге чейинки даярдык.

Материалдык-техникалык база

ЖОЖдун заманбап талаптарына жооп берет жана ишке ашырылып жаткан негизги билим берүү программаларынын жана кошумча билим берүү программаларынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен окуу-машыгуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Окуу аудиториялары, лабораториялар

• № 1 спорт залы (волейбол, баскетбол)

• Спорт зал

• Фитнес залы

• Бий залы

• Шахмат жана тогуз коргоол үчүн аудиториялар.

• Тир.

• Саптык машыгуу үчүн аянтча.

Институттун директору Сарымсаков К.К.

Дене тарбия жана аны окутуу технологиясы кафедрасы

Кафедра башчысы эл аралык класстагы спорт чебери Жумабек у. К., п.и.д, профессор, СССР спорт чебери Анаркулов Х.Ф., п.и.к., доценттин м.а. Минбаев Д.А., ага окутуучулар Догдурбек Назар, Дуйшенов Р. С., эл аралык класстагы спорт чебери, окутуучу Арзыбекова Н. Н., окутуучулар, спорт чеберлигине талапкерлер Атабек уул Т., Кутукеев А. Н., окутуучу Качкынбек кызы Э.

Дене тарбия кафедрасы

Кафедра башчысы Калыков Б.А., доценттин м.а., эмгек сиңирген машыктыруучу Амиров И. Р., ага окутуучулар Немичева Е. Ю., Иманканов М.И., доценттин м.а., тогуз коргоол жана күрөш боюнча спорт чебери, дене тарбия жана билим берүүнүн отличниги, эл аралык категориядагы калыс, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Дыйканов И.А., ага окутуучу, дене тарбия отличниги Орозалиев Ш. Ы., ага окутуучулар Салманова Г.А., Карабаева Б.Т., окутуучулар Абдыйсаев Ж.; Канназар у. Н.; Нурматов М.К.; Шайымкулов Т., ага окутуучу, айкидо боюнча спорт чебери (5 дан сенсей), волейбол боюнча кесипкөй машыктыруучу, “Билим” ВК негиздөөчүсү Акматов Н.Ш., окутуучулар Токтокожо у. А., Жакишов Б. Б., Жаныбек у. С., Тарас у. Б., Амангелди у. А., Абдимомунов Э., Абдыкарим у. Н., Амитжан у. А., Таалайбек у. Ж., Халилов А. А.