Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту

Адрес: Раззаков кѳчѳсү 51, №4 окуу имараты
Телефон,Факс: 0312 664472, 0312 626023, 0705 519777

Тарыхы

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту 1999-жылы 9-январда (И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин №4 протоколу) өз алдынча түзүм катары негизделген.

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укутук билим берүү институту алгач Коомдук адистерди даярдоо департаменти, андан кийин борбор, факультет жана институт болуп бир канча баскычтарды басып өткөн. Институтту 1999-2009-жж. Э.Ж.Маанаев, 2009-2010-жж. Н.С.Усупова, 2010-2014-жж. Г.Д.Курумбаева, 2014-2023-жж. Н.У.Курбанова жетектеп келген. Ал эми 2023-жылдан тартып институтту КР УИАнын мүчө-корреспонденти Ч.У.Койчуманова жетектеп келет.

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2016-жылдын 31-январындагы №26 токтомуна ылайык институтка тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Жумагулович Маанаевдин ысымы ыйгарылган (Буйрук 06.02.2014 № 01-8/36).

Институт түзүлгөндөн тартып тарыхчы-окумуштуулар академик А.А.Асанканов, т.и.д, профессор Э.Ж.Маанаев, т.и.д., профессор Ж.С.Бактыгулов, т.и.д., профессор К.Айдаркул, т.и.д., профессор Б.М.Жумабаев, т.и.д., профессор А.Т.Абдырахманов, т.и.д., профессор Н.У.Курбанова, т.и.д., профессор Н.С.Усупова, т.и.д., профессор С.К.Алымкулова, т.и.д., профессор А.Р.Жоошбекова, т.и.д., профессор Ж.Б.Алымбаев, т.и.д, профессор О.Э.Капалбаев, т.и.д. Б.Ж.Абдрахманов, т.и.к., доцент Ж.Д.Самиева, т.и.к., доцент Ч.К.Өмүрбеков, т.и.к., доцент К.А.Алымкулов, т.и.к., доцент Г.К.Жыргалбекова, т.и.к., доцент Ч.Ж.Карасартова, т.и.к., доцент Г.Д.Курумбаева, т.и.к., доцент Р.А.Зайниев, ф.и.к., доцент А.К.Бекбоева, т.и.к., доцент С.У.Асекова ж.б. көптөгөн педагогдор сабактарды окуу менен бирге окуу-тарбия иштеринде өздөрүнүн салымын кошуп келишкен.

2004-жылдан тартып институт 4 жылдык бакалавр жана 2 жылдык магистратура программаларында окутууну баштаган. Институт бюджеттик негизде 4 жылдык бакалавр программасында адистерди даярдайт. Институт алгач “Тарых”, “Укук таануу”, “Экономика” жана “Культурология”, “Социалдык-экономикалык билим берүү» багыттарында билим берип келсе, 2023-жылдан тартып “Укук таануу” адистиги боюнча Орто кесиптик билим берүү, “Тарых,”, “Эл аралык мамилелер”, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”, “Юриспруденция” багыттары боюнча билим бере баштаган. Институт профессордук-окутуучулар курамынын сапаты боюнча университетте алдыңкы курам. 2023-жылдын жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча университеттин ичинде эки жолу “Мыкты курам” номинациясын жеңип алды.

Окутуу багыттары жана адистиктери:

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту төмөндөгүдөй багыттар боюнча адистерди даярдайт:

  1. 550400 “Социалдык-экономикалык билим берүү” багыты, “Тарых”, “Укук таануу”, “Дин маданиятынын тарыхы” профилдери (бакалавр, магистратура, PhD докторантура);
  2. 530400 “Тарых” багыты (бакалавр);
  3. 540200 “Социалдык иш” багыты (бакалавр, магистратура);
  4. 530800 “Эл аралык мамилелер” багыты, “Дипломатиялык жана консулдук кызмат” профили (бакалавр, магистратура);
  5. 580900 “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (бакалавр);
  6. 530500 “Юриспруденция” багыты, “мамлекеттик-укуктук” профили (бакалавр);
  7. 030504 “Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу” багыты (ОКББ);
  8. 030503 “Укук таануу” багыты (ОКББ);
  9. 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы (аспирантура, докторантура).

Институттун түзүмү:

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту бүгүнкү күндө Кыргызстандын тарыхы жана этнология, Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер, Мамлекет жана укук теориясы, Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедраларынан жана Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнөн турат.

Негизги жетишкендиктери:

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту 2022-2023, 2023-2024-окуу жылдарынын жыйынтыгы менен И.Арабаев атындагы КМУда мыкты институт наамын жеңип алды.

Институттун профессордук-окутуучулар курамынын сапаты жагынан 80% түзөт. Азыркы мезгилде институтта 1 мүчө-корреспондент, 10 илимдин доктору, 33 илимдин кандидаты эмгектенет.

Институттун окутуучулары жалпы билим берүү мектептеринин “тарых”, “диндердин өнүгүү тарыхы” предметтеринин, ЖОЖдор үчүн тарых жана аны окутуунун усулдары боюнча окуу куралдарынын авторлору болуп эсептелет.

Институттун илимий багыттары:

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫ

            Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасы Ата Мекен тарыхы, этнология, антропология багытында билим берүү жана тарых адистиги боюнча илимий кадрларды даярдоо багытында 1999-жылдан бери иштеп келе жатат.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы университетте бакалавр, магистратура, PhD докторантура программалары боюнча билим беришет. Мындан тышканы кафедрада 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы боюнча аспиранттар жана докторанттар даярдалат. 2023-2024-окуу жылынан тартып PhD докторантура бөлүмү ачылып, бүгүнкү күндө 11 докторант билим алууда.

Азыркы мезгилде кафедрада академик Асанканов А.А., КР УИАнын мүчө-корр. Койчуманова Ч.У., профессорлор Айдаркул К., Курбанова Н.У., Алымбаев Ж.Б., Жоошбекова А.Р., Алымкулова С.К., тарых илимдеринин кандидаттары, доценттер Самиева Ж.Д., Жыргалбекова Г.К., Асекова С.У., Айтымбет к. А., Кожомуратова Б.Ж., ага окутуучу Амантур у. Ч, окутуучу Карыбекова Г.Э., Элеманова Р.Т. ж.б. эмгектенишет.

Кафедранын окутуучуларынын ичинен академик А.А.Асанканов Кыргызстандын тарыхы, этнология, этносоциология, антропология багыттары боюнча изилдөө жүргүзүп, бир канча тарых илимдеринин докторлорун, кандидаттарын даярдап чыкты.

КР УИАнын мүчө-корреспонденти Ч.У.Койчуманова Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы боюнча жаңы багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү менен өзүнүн илимий изилдөө мектебин түзүүгө жетишти. Анын эмгектери Кыргызстандын соңку тарыхы боюнча алдыңкы, заманбап монографиялардан болду. Өз изилдөөлөрүнүн негизинде лекцияларын жыл сайын Кыргызстандан тышкары Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан республикаларындагы ЖОЖдордо окуп келүүдө.

Кафедрадан көп жыл эмгектенген, профессор, т.и.д. Э.Ж.Маанаев өз өмүрүн илимге арнап, Кыргызстандын тарыхы, этнографиясы, этнологиясы, идеологиясы темаларында монографияларды жазып кетти. Анын изилдөөлөрү Кыргызстандагы тарых илимине кошкон чоң салым катары бааланууда. Э.Ж.Маанаев өзү түптөгөн Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамынын көпчүлүгүнө илимий жетекчи болгон.

Профессор А.Р.Жоошбекованын этнодемографиялык процесстер боюнча изилдөөлөрү кыргыз этносоциология илиминде өзүнчө багыт катары өнүгүп келе жатат. Профессор Ж.Б.Алымбаевдин көп жылдан берки историографиялык изилдөөлөрү Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхын жаңычылдык менен ачып берүүдө. Профессор Каана Айдаркул тарых илиминде Кыргызстандын жана кыргыздардын эл аралык байланыштары, Кыргызстандагы укук коргоо тармактары боюнча илимий эмгектери белгилүү. Профессор Н.У.Курбанова Кыргызстандагы диндин абалы, дин таануу багыттары боюнча өзүнүн мектебин түзүп, Кыргызстандагы орто мектептер үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин окуу китептерин иштеп чыкты. Профессор С.К.Алымкулованын изилдөөлөрү жеке гана Кыргызстандан эмес, чет өлкөлөрдөн басмадан чыгып, этнографиялык, этнологиялык изилдөөлөрү дүйнө окумуштууларынын бүйүрүн кызытууда.

Доцент Ж.Д.Самиеванын эмгектери Кыргызстандын совет доорундагы мамлекеттүүлүгүнө, интеллигенциясына арналса, доцент С.У.Асекованын эмгектери репрессия курмандыктары, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча азыркы мезгилде алдыңкы изилдөө эмгектери катары бааланууда.

Мындан тышкары Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын доценти Б.Ж.Кожомуратова, доц.м.а. Г.К.Алыкулова, Айтымбет кызы А, окутуучулар Амантур уулу Ч., Г.Э.Карыбекова, Р.Э.Элеманова Кыргызстандын тарыхы жана этнология багытында изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө.

                                                                                     ЖАЛПЫ ТАРЫХ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР КАФЕДРАСЫ

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасы Дүйнө тарыхы, социалдык иш, эл аралык мамилелер жана башка тарыхий дисциплиналар боюнча билим берген кафедра катары 1999-жылдан бери иштеп келе жатат.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жагынан университеттеги алдыңкы кафедралардан болуп эсептелет. Кафедрада тарых илимдеринин докторлору Н.С.Усупова, Каана Айдаркул, тарых илимдеринин кандидаттары Г.К. Жыргалбекова, Б.З.Бакеева, К.А.Алымкулов, Г.Д.Курумбаева, Ч.Ж.Карасартова, Ж.К.Өмүрова, Т.Т.Чаргынов, Р.А.Зайниев, К.Рысбаев, философия илимдеринин кандидаты А.К.Бекбоева, доц.м.а. К.А. Курманалиев, окутуучулар Темирбек уулу Идеат, Г.А.Есенгулова, Н.М.Баястанов, Ж.Д.Абдраева, А.Т.Токтоналиева эмгектенишет.

Кафедранын мүчөсү, т.и.д., профессор Н.С.Усупова Байыркы дүйнөнүн тарыхы боюнча адис жана өзүнүн изилдөөсүн Кыргызстандын билим берүүсүнө, мамлекеттин тарыхына, социалдык абалына арнаган. Анын жетекчилиги менен кафедранын эки окутуучусу Ж.Д.Абдраева жана К.А.Курманалиев илимий иштерин ийгиликтүү коргошту.

Ал эми Г.К.Жыргалбекова бүт өмүрүн Тарыхты окутуунун методикасына арнап, меткептерге Кыргызстандын тарыхы предмети боюнча окуу китептерин иштеп чыккан. Өзүнүн изилдөөлөрүн Кыргызстандагы билим берүү тармагынын тарыхына арнаган.

Кафедра башчысы А.К.Бекбоева жана доцент Ч.Ж.Карасартова мектептердеги Диндердин өнүгүү тарыхы предметинин окуу китебинин авторлорунан. Мындан тышкары Социалдык иш, Эл аралык мамилелер, Дин таануу боюнча студенттер үчүн окуу куралдарын даярдап келишет.

Кафедрада доц. м.а. К.А.Курманалиевдин инновациялык усулдарды колдонуу менен түзүлгөн Кыргызстандын тарыхы, Тарыхты окутуунун методикасы, Алгачкы коомдун тарыхы предметтери боюнча окуу куралы студенттердин заманбап билим берүүгө арналган эмгек болуп эсептелет. Ошондой эле К.А.Курманалиев окуучуларды ЖРТга жана олимпиадага даярдоо боюнча методикалык эмгектердин автору.

Окутуучу Темирбек уулу И. музей иши боюнча көп жылдык тажрыйбасынан улам Музей таануу, Архив таануу окуу куралдарын басып чыгарып, практика жүзүндө республикадагы заманбап музейлердин түзүүчүсү болуп эсептелет. Анын жетекчилиги менен 2022-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун музейи кайра түзүлгөн.

Мамлекет жана укук теориясы кафедрасы

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Мамлекет жана укук теориясы кафедрасы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция боюнча кадрларды даярдоо багытында 2024-жылы ачылган.

Институтка 2023-жылы Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Эл аралык мамилелер багыттарынын кошулушу, 2024-жылы Юриспруденция багытынын ачылышы менен Жалпы тарых жана социалдык-экономикалык, укуктук билимдер кафедрасынын базасында Мамлекет жана укук теориясы кафедрасы ачылган. Кафедранын негиздөөчүсү Ч.У.Койчуманова юриспруденция багытынын келечектүүлүгү жана Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу багытынын өзгөчөлүгү үчүн кафедранын профессордук-окутуучулар курамын жаңычыл көз караштагы кадрлардан түзгөн. Кафедранын негизги милдеттери катары Мамлекет жана укук теориясынын негиздерин изилдөө, заманбап көйгөйлөрдү анализдөө, Конституциялык түзүлүш, мыйзам чыгаруу жана укуктук реформалар боюнча илимий иштерди жүргүзүү, юридикалык жана саясий билимдерди берүү жана студенттерди мамлекеттик башкаруу, укуктук саясат, адам укуктары боюнча терең окутуу, студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу, социалдык жоопкерчиликти жана адептүүлүктү калыптандыруу болуп эсептелет. Ошондуктан илимий изилдөөлөрдүн кеңири пландарын жаңы көз карашта иштелип чыгууда.

Кафедрада азыркы учурда саяс.и.к. Г.Ж. Асанбаева, п.и.к. М.Ж. Сейдакматов, э.и.к. А.Р. Садыкова, ю.и.к., Кенжебек кызы М., ю.и.к., В.Ж. Сагыналиева саяс.и.к. Г.А. Нурматова, окутуучулар Н.У.Абдылдаева, Н.А. Эшанкулова, А.Д. Абылов, М.К. Намазалиева, Т.К. Исаев, С.Ш. Сотовалдиева эмгектенүүдө.

ФИЛОСОФИЯ ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР КАФЕДРАСЫ

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы философиялык билим берүү, саясий илимдер боюнча кадрларды даярдоо багытында 2002-жылдан бери иштеп келе жатат.

Университетте окуу процессин оптималдаштыруу максатында «Философия жана гуманитардык дисциплиналар» кафедрасы уюштурулган. Кафедрада бакалавр багытында «Философия», «Азыркы мезгилдеги табият таануунун концепциялары», «Этика», «Маданият таануу» предметтери жана магистр багытында «Билим берүүнүн философиялык проблемалары», «Илимий таанып-билүүнүн методдору жана методологиясы» дисциплиналарынан сабак өтүшөт. Азыркы мезгилде кафедра университетте окуу-усулдук түзүм катары адистерди даярдоого чоң салым кошуп келет. Кафедраны 2002-2005-жылдары философия илимдеринин доктору, профессор А.А.Бекбоев, 2005-2013-жылдары философия илимдеринин доктору, профессор М.М.Амердинова, 2013-2024-жылдары философия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.С. Арзыматов башкарып келген. 2024-жылдан тарта философия илимдеринин кандидаты Д.А.Кочкорова жетектөөдө. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы: Д.А. Кочкорова – философия илимдеринин кандидаты, кафедра башчысы; Ж.С. Арзыматов – философия илимдеринин кандидаты, доцент; К. Сариева – философия илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу; Э.Ж.Каниметов – философия илимдеринин кандидаты, доцент; Субанбекова М.Ш. – философия илимдеринин кандидаты, доцент; Самыйканов А.Т. – философия илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.; Арыпбекова К.Б. – философия илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.; Жунушова Г.М. – философия илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.; ага окутуучулар Эрмекбаева А.Б., Абдылдаева А.Т., Барпыбаева Ж.К., Эркинбек кызы М.

ОРТО кесиптик билим берүү бөлүмү (КОЛЛЕДЖ)

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү “укук таануу” багыты боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмү болуп эсептелет.

2023-2024-окуу жылында институттун директору Ч.У.Койчуманованын жетекчилигинде бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү “юрист” квалификациясы менен мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билим жөнүндө диплом алды. Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө 40ка жакын тажрыйбалуу окутуучулар иштейт.

Эл аралык байланыштар:

  1. Түндүк-Батыш Кытай университети (Кытай, Сиань шаары) жана Жибек жолун изилдөө институту;
  2. Россия элдер достугу университети (РУДН) жана Тарых жана коомдук илимдер мугалимдеринин ассоциациясы Бүткүл россиялык коомдук уюму (Россия);
  3. Алтай мамлекеттик университети (Россия);
  4. Түштүк-Казакстан педагогикалык университети, (Казакстан, Шымкент шаары);
  5. «Репрессия курмандыктарын эскерүү» Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы.

Өнөктөштөр:

  1. Конрад Аденауэр фонду;
  2. КР Жогорку Кеңеши;
  3. “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплекси;
  4. КР Акыйкатчы институту;
  5. КР Улуттук илимдер академиясы;
  6. КР Улуттук тарых музейи.

Студенттик турмуш:

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин студенттери университет боюнча активдүү студенттер болуп эсептелинет. Институтун Студенттик өкмөтү жыл сайын түзүлөт жана тиешелүү план менен иш алып барат.

Бүгүнкү күндө институт боюнча 6 студент КР Президентинин стипендиясынын ээси. Алар, Разак уулу Дастан, Рахимбекова Шаанигүл, Моңолдорова Элизат, Абдыраманов Дастан, Бекболотов Сталбек, Шаршенбекова Калиман.

Институттун студенти Бекишов Данияр Кыргызстандагы “Агартуу лигасы” жаштар борборунун жетекчиси. Ал жыл сайын республикалык масштабдагы ири иш-чараларды уюштуруп келет.

Институтта “Билге” студенттик клубу 10 жылдан бери жигердүү иштеп келе жатат. Кыздардан турган бийчилер тобу бар. Жыл сайын “Жүрөктөн жүрөккө” аталышта кайрымдуулук акциясын уюштуруп келишет. Студенттер Кыргызстандагы “Жаштар форуму” иш-чараларынын туруктуу катышуучусу. К.Аденауэр фондунун атынан жыл сайын стипендия алышат.

Институттун материалдык техникалык базасы:

Институт 4-окуу имаратынын 4-кабатында жайгашкан. Жалпы контингенти 1200 студент. Студенттерди окутуу үчүн 25 компьютерден турган 1 компьютердик класс, 2 интерактивдүү экран, 2 интерактивдүү панель, 1 телеэкран, 3 проектор, 6 ноутбук менен камсыздалган.

Дареги: Раззаков көч., 51, А