Эл аралык билим берүү программалары институту

Адрес: Раззаков көчөсү, 51
Телефон,Факс:

2020-жылы 30-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен өз алдынча Магистратура борбору түзүлгөн. 2021-2022-окуу жылында Эл аралык билим берүү программалары институту (ЭББПИ) статусун алган.

Эл аралык билим берүү программалары институтунда чет элдиктер жана Кыргызстандын жарандары окуй алышат. Институттун ишмердүүлүгү 3 этаптан турат: тил курстары, бакалавриат жана магистратура.

Билим алгандар төмөнкү багыттар боюнча квалификацияга ээ болушат.

Тил курстары: англис, орус жана кыргыз тилдери. 3, 6, 8, 10 ай окутуу менен. Курстарды аяктагандан кийин сертификат берилет.

Бакалавр: студенттер «Дене тарбия», «Практикалык психология», «Эл аралык журналистика», «Программалык инженерия», «Орус тили жана адабияты», «Чет тили», «Финансылык менеджмент», «Башталгыч билим берүү» адистиктери боюнча билим алышат.

Магистратура: «Музыкалык билим берүү», «Көркөм искусство», «Дене тарбия жана спорт», «Колдонмо информатика», «Орус тили жана адабияты», «Маалыматтык технологиялар», «Жалпы жана стратегиялык менеджмент», «Жогорку мектептин педагогикасы», «Мектепке чейинки педагогика жана психология», «Билим берүүдөгү психология».

Эл аралык кызматташтык

ЭББПИнин студенттери Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өздөрүнүн мыкты көндүмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүп, ыраазычылык каттарды алып келишет. Биздин студенттерге Кытай Эл Республикасынын алдыңкы окуу жайларында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген Shenyang Talent Innovation Federation чет элдик уюму менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Институттун окуу кабинеттери интерактивдүү такта, проектор жана татыктуу билим алуу үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылган.

Эл аралык билим берүү программалары институту – заманбап жана сапаттуу кесиптик билим алууну издеген адамдардын билим берүү муктаждыктарын канааттандыруучу мекеме. Дүйнөгө ачык жана бардык өнөктөштөр, ошондой эле жемиштүү натыйжаларга умтулган чет элдик студенттер менен чыгармачылык кызматташууга даяр.

ЭББПИнин стратегиялык максаты: дүйнөлүк жана улуттук эмгек рынокторунда атаандаштыкка туруштук бере ала турган жана эл аралык экономиканы жана саясатты трансформациялоо шартында иштей ала турган ар кандай тармактарда эң жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо; Мамлекеттин жана коомдун талаптарына жооп берген ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө билим берүүнүн көп баскычтуу натыйжалуу системасын түзүү, ошондой эле билим берүү менен өнүгүүнүн интеграциясын камсыз кылуу. Учурда бул жерде окуган студенттердин 95% Кытай Эл Республикасынын жарандары, ошондой эле Египеттен, Сириядан, Иорданиядан, Түштүк Кореядан, Түркиядан жана Пакистандан келген студенттер бар.

И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык билим берүү программалары институтунун директору, философия илимдеринин кандидаты Субанбекова Мээрим Шамшидиновна

Окутуучулар курамы: т.и.д., ф.-м.и.д., профессор Бийбосунов Б.И. (150 илимий эмгектин автору), ф.и.д., проф.м.а. Бейшенова А.Т. (60 илимий эмгектин автору);

13 илимдин кандидаты: к.ф.н. Эргешбаева Н.А., к.п.н. Ли Ю.В., к.э.н. Жапарова Э.С.; маданият илимдеринин кандидаты Корпобаева М.К., илимдин кандидаты Садыкова Г.С., илимдин кандидаты Абдыбекова Н.А., илимдин кандидаты Бийбосунова С.К.; к.э.н. Койчуманов М.Т. ж.б., доценттин милдетин аткаруучу Алсаитова Д.А., 7 улук окутуучу, 9 окутуучу. 1 жетектөөчү адис.

13 кандидатов наук: ф.и.к. Эргешбаева Н.А., п.и.к. Ли Ю.В., э.и.к. Джапарова Э.С.,маданияттаану ил.канд. Корпобаева М.К., б.и.к. Садыкова Г.С., п.и.к. Абдыбекова Н.А., э.и.к. Бийбосунова С.К., э.и.к. Койчуманов М.Т. ж.б., доц.м.а. Алсаитова Д.А., 7 ага окутуучу, 9 окутуучу, 1 жетектөөчү адис.