Жаңы маалыматтык технологиялар институту
И. Арабаев атындагы КМУнун ректорунун №79/5 2002-жылдын 3-апрелинин буйругу менен Физика, математика жана информатика факультети Жаңы информациялык технологиялар институту болуп ѳзгѳртүлүп, 5 кафедра иш алып барган. Институт 2016-жылдын 1-мартындагы №01-8/115 буйругунун негизинде Физика математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети болуп ѳзгѳртүлүп, 3 кафедра иш алып бара баштаган. 2023-жылдын 30-майындагы №01-8/335 буйругунун негизинде Жаңы маалыматтык технологиялар институту түзүлдү. Институтту жетектеп келген директорлор ф.-м.и.к., доцент Р.К.Султанов (2002-2004-жж), ф.-м.и.д., профессор А.С.Саадабаев (2004-2005-жж), ф.-м.и.к., доцент Т.А.Арынов (2005-2010-жж), ф.-м.и.д., профессор К.А.Калдыбаев (2010-2012-жж), доцент А.К.Кутанов (2012-2013-жж), п.и.д., профессор Ш.А.Алиев (2013-2016-жж), ф-м.и.к., доцент Ж.Т.Бексултанов (2016-2021-жж), т.и.д., профессор Т.Курманбек уулу (2021-2022-жж), ф.-м.и.к., доцент Ж.Т.Бексултанов (2022-2023-жж), 2023-жылдан баштап жаңы маалыматтык технологиялар институтун т.и.к., доцент У.Т.Керимов жетектеп келет.
Институттун түзүмү
Билим алуучуларды окуу-тарбия процессин тейлөө үчүн 2 кафедра жана 2 бөлүм иш алып барат.
- «Колдонмо информатика кафедрасы», кафедра башчысы ф.-м.и.д., т.и.д., проф. Б.И.Бийбосунов;
- «Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасы», кафедра башчысы ф.-м.и.д., проф. К.Ч.Чороев;
- «Орто кесиптик билим берүү бөлүмү», бөлүм башчысы Н.С.Сейтказиева;
- «Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмү», бөлүм башчысы А.Р.Досманова.
Институттун кафедраларында илимий даражалуу 5 профессор, 7 доцент ал эми 22 ага окутуучу жана окутуучу эмгектенишет. Бөлүмдөрдө жалпы 33 окутуучу эмгектенет.
Институтта төмөнкү профессордук-окутуучулук курам эмгектенет: ф.-м.и.д., т.и.д., проф Б.И.Бийбосунов, т.и.д., проф. У.Н.Бримкулов, ф.-м.и.д., проф. К.Ч.Чороев, ф.-м.и.д., проф. А.Т.Алымбаев, т.и.д., проф. Курманбек уулу Т., т.и.к., доц. К.М.Юсупов, э.и.к., доц. С.К.Бийбосунова, т.и.к., доц. У.Т.Керимов, п.и.к., доц. Г.С.Султанбаева, соц.и.к., доц. А.А.Кашкароева, ф.-м.и.к., доц. Н.О.Асанбекова, т.и.к., доц. Т.Токтакунов, ага окутуучучулар: А.А.Бузурманкулова, У.А.Эсенгулов, Л.Садыкова, А.Ж.Жолборсова, А.Т.Толомушова, А.А.Исманова, Н.Турдукожо кызы, С.Н.Сейдрахманова, А.С.Анаркулова Ж.К.Барганалиева, М.Р.Садырова, К.С.Ачекеев, Ч.Смайылбек кызы, окутуучулар: К.Мукидин уулу, Н.Турарбекова, А.Б.Базарбекова, Н.Б.Муратаева, окутуучулар: Б.И.Каландарова, А.Н.Сартматова, Б.Т.Жумагулов, Б.Иса кызы, А.Султанакунова, Н.Т.Толонбаева ж.б.
Окутуу багыттары жана адистиктери
Жаңы маалыматтык технологиялар институту окуу-тарбия процессинде билим берүүнүн жаңы технологиясын, инновациялык методикасын стратегиялык максатка жетүүнүн куралы катары колдонуу менен, илимий-педагогикалык, методикалык күчтүү мүмкүнчүлүктөгү кадрларга, жетиштүү материалдык-техникалык базага таянуу аркылуу жогорку кесиптик билим берүүнүн төмөнкүдөй багыттары боюнча билим берүү программаларын иш жүзүнө ашырып келүүдө:
Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча:
220203 «Маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча)»;
230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо»;
220203 «Колдонмо информатика».
Бакалаврдык окутуу программалары боюнча:
550200 «Физика-математикалык билим берүү багыты, профили: «Информатика»;
710100 «Информатика жана эсептөө техникасы багыты, профили:
«Маалыматтарды кайра иштетүү жана башкаруунун автоматташтырылган системасы»; 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар багыты, профили: «Маалыматтык системалар жана технологиялар»;
710300 «Колдонмо информатика багыты, профили: «Информациялык менеджмент»; 710400 «Программалык инженерия багыты, профили: «Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы»;
710500 «Интернет технологиялары жана башкаруу».
Магистрдик окутуу программасы боюнча:
550200 «Физика-математикалык билим берүү, багыты, программасы: «Маалыматтык технология»;
710300 «Колдонмо информатика»;
710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар».
PhD – докторантура программасы боюнча:
550200 «Физика-математикалык билим берүү, «Информатика»;
710300 «Колдонмо информатика».
Негизги жетишкендиктер
2018-жылдын декабрь айында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алкагында доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоого төмөндөгү эки адистик боюнча мекемелер аралык диссертациялык кеңеш ачылып, ошондон бери ишин токтотпой үзгүлтүксүз иштеп келет.
05.13.06 – «Технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү (тармактар боюнча) автоматташтыруу жана башкаруу» (техника илимдеринин доктору жана техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденүү боюнча).
05.13.16 - «Илимий изилдөөлөрдө (илимдердин тармактары боюнча) эсептөө техникаларын, математикалык моделдөөнү жана математикалык методдорду колдонуу» (техника илимдеринин доктору жана техника илимдеринин кандидаты жана физика-математика илимдеринин доктору (кандидаты) илимий даражасын изденүү боюнча).
Диссертациялык кеӊеш үзүрлүү иш алып барып, илимдин докторлорун жана кандидаттарын ийгиликтүү даярдап келет.
Илимге карата институттун профессордук-окутуучулар курамы акыркы жылдары маани берүү менен олуттуу иштерди жасап келүүдө. Ошонун негизинде акыркы жылдары чыгарылган илимий макалалардын саны, конференцияларга катышуулардын саны өсүп, ЖАКнын талабына ылайык Импакт-фактору бар РИНЦке, Scopus жана Web of Science кирген илимий журналдарга эмгектерин жарыялашууда.
Эл аралык байланыштар
Институт жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен илим, илимий-педагогикалык багытта келишимдердин негизинде илимий конференция, илимий семинар, конок-лекция, квалификациясын жогорулатуу курстарын, билим алуучулар менен мобилдүүлүк жүргүзүп келүүдө. Алар, З.Алдамжар атындагы Костанай социалдык-техникалык университети (Казакстан), М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университети (Казахстан), К.Кулажанов атындагы Казак технология жана бизнес университети (Казахстан), В.П.Астафьев атындагы Красноярск мамлекеттик педагогикалык университети (Россия), Карой Эстерхази атындагы университети (Венгрия) жана ж.б
Институттун материалдык техникалык базасы
Институт № 1 окуу имаратынын 3-кабатында жайгашкан. Жалпы контингенти 1640 студент. Студенттерди окутуу үчүн 20 компьютерден турган 7 компьютердик класс, 2 интерактивдүү экран, 1 интерактивдүү панель, 1 телеэкран, 3 проектор, 15 ноутбук менен камсыздалган.
Колдонмо информатика кафедрасы
Колдонмо информатика кафедрасы техникалык багыттагы адистиктерди даярдап, маалыматтык технологиялар, программаларды иштеп чыгуу жана маалыматтык системаларды колдонуу, практикалык көндүмдөрдү жана теоретикалык билимдерди берүү жана коомчулукка жана өнөр жайга информатикалык технологиялар боюнча кызмат көрсөтүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча аракеттерди ашке ашыруу.
Кафедрада илимий-методикалык иштер календардык жылга түзүлгөн план боюнча ишке ашырылып, негизинен 3 илимий тематикадагы илимий иштердин үстүндө иштешет:
- Колдонмо маселелер үчүн (экономика, мамлекеттик башкаруу ж.б.) математикалык моделдер жана маалыматтык системалар.
- Мекемелер, ЖОЖдор жана өндүрүштөр үчүн жаңы маалыматтык технологияларды жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу.
- КРнын аймагындагы көчкү жана сел процесстерин прогноздоо жана математикалык моделдөө методдору.
Профессор Бийбосунов Б.И. жетекчилиги алдында кафедра мүчөлөрү менен көптөгөн илимий долборлорго катышып, илимге салым кошууда.
Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасы
Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасы билим берүү процессинде маалыматтык технологияларды колдонуп, студенттерди заманбап билим алуу жана көндүмдөрү менен даярдоо.
Кафедрада учурда 3 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты, 7 ага окутуучу, 5 окутуучу эмгектенишет.
Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасы заманбап билим берүү чөйрөсүнө интеграцияланган, инновацияларга багытталган жана кесиптик даярдыкты жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү алдыңкы билим берүү институтуна айлануусуна жардам берет. Студенттердин, мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жана практикада ийгиликтүү иштөө үчүн керектүү билимдерди камсыз кылууга багытталган.
Орто кесиптик билим берүү бѳлүмү
Орто кесиптик билим берүү бѳлүмү студенттерди маалыматтык технологиялар боюнча терең билимдер жана практикалык көндүмдөр менен даярдоо, заманбап IT боюнча иштеп чыгуу жана колдонуу, адистик компетенцияларын өнүктүрүү
Орто кесиптик билим берүү бѳлүмү окуу процессинде инновациялык технологияларды колдонуп, баардык багыттар боюнча иштерди жүргүзүүдө. Окуу-усулдук жана илимий комплекстерди иштеп чыгуу боюнча иш алып барылууда.
Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бѳлүмү
Студенттерге гуманитардык жана табигый-математикалык илимдер боюнча негизги билимдерди берүү, аналитикалык жана критикалык ойлонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, ар кандай дисциплиналар арасындагы интеграцияны камсыз кылуу, жалпы билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын социалдык, маданий жана илимий түшүнүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн студенттердин бардык тараптан өнүгүүсүн камсыздайт. Аларга акыл-эс, логиканы, адамгерчиликти жана дүйнөнү түшүнүүнү тереңдетүү менен бирге, практикалык жана аналитикалык жөндөмдөрдү өстүрүү аркылуу келечекте коомго жана экономикага пайда алып келүүчү жаштарды тарбиялайт