Кыргыз-Кытай факультети
Адрес: Бишкек ш., Раззаков 51, 4-корпус.
Телефон,Факс: 0705 800759, 0507 391301, 0709 882198
Тарых
Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети 1998-жылдын 15-июлунда жогорку квалификациялуу чыгыш таануучу адистерди даярдоо максатында түзүлгөн. Факультет алгач ЖЧК формасында түзүлүп, 2000-жылдын 21-декабрында И.Арабаев атындагы КМПУнун Чыгыш тилдери жана маданияты институту болуп кайра түзүлгөн. 2005-жылдын 16-ноябрында Чыгыш тилдери жана маданият институту Чыгыш таануу жана дипломатия факультети болуп өзгөртүлгөн (И.Арабаев атындагы КМУнун 2005-жылдын 11-ноябрындагы № 278 буйругунун негизинде).
2007-жылы факультет Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети болуп өзгөртүлүп, анын курамына журналистика, чыгыш тилдери, аймактаануу жана маданият таануу кафедралары кирген (И.Арабаев атындагы КМУнун 2007-жылдын 01-июнундагы № 01-8/26 буйругунун негизинде). Факультеттин өзгөчөлүгү чыгыш тилдеринин бирин (кытай, корей, түрк, перс, араб) жана англис тилин негизги тил катары үйрөнүү менен төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдоо болуп саналат.
2024-жылдын 24-апрелинде Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Кыргыз-Кытай факультети расмий ачылды.
Кыргыз-Кытай факультетинин ачылышына Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Шаньдун провинциясынын делегациясы жана кытай тараптын өнөктөштөрү катышты.
Жетишкендиктер
МО(а)-1-21 группасынын студенти Абдразакова Азиза президенттик стипендиянын ээси болду. МО(а)-1-23 группасынын студенти Айбеков Баэль КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Астанада өткөн "КМШнын мыкты студенти" сынагынын жеңүүчүсү болду. БУУнун моделинин өкүлдөрү болуп шайланган Минбаева Асылай жана Эрежепали кызы Гүлмира сертификаттарга ээ болушту.
Окутуу багыттары жана адистиктер
1. Филология (англис тили, кытай тили, түрк тили, араб тили)
Профиль: Филология дисциплиналарын окутуунун теориясы жана методикасы
2. Лингвистика
3. Эл аралык мамилелер (англис тили, кытай тили)
Профиль: Саясий менеджмент
4. Кытай таануу
Профиль: Эл аралык экономикалык мамилелер
Профиль: Бизнес туризм
5. Филология (магистратура)
6. Эл аралык мамилелер (магистратура)
Билим берүү программаларынын тизмеси (бакалавр, магистратура, аспирантура)
1. Филология (англис тили, кытай тили, түрк тили, араб тили)
Профиль: Филология дисциплиналарын окутуунун теориясы жана методикасы
2. Лингвистика
3. Эл аралык мамилелер (англис тили, кытай тили)
Профиль: Саясий менеджмент
4. Кытай таануу
Профиль: Эл аралык экономикалык мамилелер
Профиль: Бизнес туризм
5. Филология (магистратура)
6. Эл аралык мамилелер (магистратура)
Кафедралар, борборлор, лабораториялар
Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер бөлүмү, Конфуций классы
Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары
Филология, эл аралык мамилелер
Илим жана инновация жаатындагы жетишкендиктер
Высоцкая М.М., № 5299 "ПсихогеометриЯ" метафоралык ассоциативдик карталар (Кол жазма)
Кыргыз-Кытай факультетинин эл аралык кызматташтыгы
- Синьцзян педагогикалык университети (Урумчи, КЭР),
- Цзинань (Шаньдун провинциясы, Кытай),
- Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (Астана ш., Казакстан Республикасы)
- Сибирь башкаруу институту, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын филиалы (Новосибирск ш.).
Өнөктөш ЖОЖдор жана уюмдар
- К.Карасаев атындагы БМУ,
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы,
- К.Карасаев атындагы БМУнун Конфуций институту,
- Ош педагогикалык университети,
- Синьцзян педагогикалык университети (Урумчи, Кытай),
- Түндүк-Батыш Саясат жана Укук Университети (Сиан, Кытай),
- Шаньдун педагогикалык университети (Шаньдун, Кытай),
- "Хайнань Тайи" ЖЧКсы (Хайнань, Кытай),
- Лефке университети (Түркия Республикасы, Түндүк Кипр),
- Кёнунг университети (Корея Республикасы).
Академиялык мобилдүүлүк программалары
Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде (Казакстан Республикасы, Астана) - 7 студент, Синьцзян педагогикалык университетинде (КЭР, Урумчи, Шэньси) - 3 студент, Кёнунг университетинде (Корея Республикасы) - 4 студент, Лефке университетинде (Түркия Республикасы, Түндүк Кипр) - 1 студент билим алышууда.
Студенттик турмуш
- ККФнын студенттери Самира Эсенбекова жана Айгерим Мурзабекова К.Карасаев атындагы БМУдагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган "XI кытай ыры сынагына" катышып, Ардак грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты.
- Кыргыз-Кытай факультетинин "Эл аралык мамилелер" багытынын 2-курсунун студенти Эрежепали кызы Гүлмира "БУУнун модели" эл аралык оюндарына катышып, Ардак грамотасы менен сыйланды. 2-3-курстун студенттери Дипакадемияда Эфиопиянын элчиси өткөн конок-лекцияга катышты.
- "Улутум – кыргыз, урааным – Манас, сыймыгым – Чыңгыз" аттуу иш-чара уюштурулуп, анда "Манас" улуттук академиясынын президенти, манасчысы Азиз Биймырза уулу студенттер үчүн конок-лекция окуду.
- Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерине ачык лекция окуду.
- "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча 1-3 курстун студенттери кытай тилинен HSK жана HSKK тесттерин тапшырып, жогорку упайларды алышты. Студенттер кытай тилинин "Кытай көпүрөсү" улуттук сынагына даярдалууда.
Студенттик уюмдар жана клубдар
"Жаш кадам" (Жаш дипломаттар клубу), "Жарык үмүт" (кайрымдуулук фонду)
Материалдык-техникалык база
Конфуций классындагы китепкана, 2 LED экран, окуу бөлмөлөрү, лабораториялар.
Байланыш: 0705 800759, 0507 391301, 0709 882198
Телефон, электрондук почта: 0705 800759, najymambetova76@gmail.com
Дареги: Бишкек ш., Раззаков 51, 4-корпус.
Факультеттин курамы
Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулар курамы: 4 илимдин кандидаты, 1 PhD, 3 ага окутуучу, 8 окутуучу эмгектенишет.
Жетекчилик
Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин директору, п.и.д., профессор Сартбекова Нуржан Коодоевна, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, п.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Ажымамбетова Назгуль Качкыновна