Мамлекеттик тил жана маданият институту

Адрес: 720026 Раззаков көч., 51
Телефон,Факс: 0312564520

Мамлекеттик тил жана маданият институту Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (20.09.2000-ж. УП 268) жана Кыргыз Ɵкмөтүнүн 2001-жылдын 9-июлундагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин базасында «И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтун түзүү жөнүндөгү» 326 токтомунун негизинде түзүлгөн.

Азыркы күндө институтта 4 илимдин доктору, 17 илимдин кандидаты, 5 проф.м.а., 10 доцент, 9 доценттин м.а., 16 ага окутуучу жана 12 окутуучу эмгектенүүдө. Мамлекеттик тил жана маданият институтунда окуу процесси 5 кафедра аркылуу ишке ашырылат.

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланган.