М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту
Адрес: 720026 Раззаков көч., 51
Телефон,Факс: 0312-664043, 0312-664186, +996703957636
Тарыхы
М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдында 1997-жылы 28-мартта (АЛ № 064, № 074) өз алдынча түзүм катары негизделген.
М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун негиздөөчүсү педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Рахимова Магрифа Рахимовна 1997-жылдан 2000-жылга чейин институттун директору кызматын аркалаган. Анын жетекчилиги астында институттун профессордук-окутуучулар курамы сапаттык көрсөткүчү боюнча университетте жогорку деңгээлди түзгөн. Университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2011-жылы институтка профессор М.Р.Рахимованын ысымы ыйгарылган. Институт п.и.д., проф. Акиева Гульдана Салморбековнанын жетекчилиги астында 2000-2023-жылдары республикадагы көптөгөн педагог адистердин квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого зор салымын кошкон.
М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтуту Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 2023-жылдын 30-майындагы ректордун №01-8/335 буйругуна ылайык М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту болуп өзгөртүлүп, п.и.к., доц. Усенгазиева Гульнара Сабыркуловна директор болуп дайындалган.
Билим берүү программалары:
- 550700 Педагогика багыты, профили: «Башталгыч билим берүү», «Мектепке чейинки билим берүү», «Логопедия»
- 550300 Филологиялык билим берүү багыты, профили: «Кыргыз тили жана адабияты», “Орус тили жана адабияты”
- 540200 Социалдык иштер багыты, профили “Социалдык иш”
- 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багыты, профили: «Тарых»
- 580200 Менеджмент багыты, профили: «Мекеменин менеджменти»
- 570600 Китепкана таануу жана документ таануу багыты, профили: Китепканалык жана маалыматтык иш
- 550100 Табигый-илимий билим берүү багыты, профили: “Биология“, “География”
- 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты, профили: “Математика” “Информатика”
- 550600 Көркөм билим берүү багыты, профили: Көркөм өнөр искусствосу
Магистратура
580200 Менеджмент багыты, окуу формасы – сырттан, окуу мөөнөтү – 2,5 жыл
Структурасы:
Кафедралар:
Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы. Кафедра башчысы т.и.д., проф.м.а. – Абдалиева Гүлзат Кошоевна
Табигый-математикалык билимдер кафедрасы. Кафедра башчысы – ф.-м.и.к., доц.м.а. Белеков Кенжебек Жолдошевич.
- Борбор: Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору. Борбордун башчысы – Оморов Сапарбек Кемелбекович.
Эл аралык байланыштар:
Стамбул Айдын университети
ЖОЖдор жана мекемелер: DVV International – Германиянын элдик университеттеринин ассоциациясынын эл аралык кызматташтык институту.
Академиялык мобилдүүлүк программалары:
2024-жылдын 25-мартынан 12-апрелине чейин академиялык мобилдүүлүктүн алкагындагы Стамбул Айдын университетине 5 окутуучу иш сапарында болду.
Кошумча билим берүү программалары:
Кошумча кесиптик билим берүү, окуу формасы күндүзгү, дистанттык билим технологиясын колдонуу менен
- Жогорку мектептин педагогикасы багыты (окуу мөөнөтү – 1 жыл 5 ай)
- Жогорку китепкана мектеби (окуу мөөнөтү – 5 ай).
Жалпы билим берүү программалары, окуу мөөнөтү 1-10 айга чейин
Орто мектептердин жалпы билим берүү дисциплиналарынын кошумча курстары (математика, химия, биология, Кыргызстан тарыхы, дүйнө тарыхы, орус жана кыргыз тили);
Квалификацияны жогорулатуу курстары (36,72, 144 саат)
Материалдык-техникалык база:
1 жыйындар залы, 3 компьютердик класс, 4 аудитория, 3 интерактивдүү такта
Байланыш телефон: 0312-664043, 0312-664186, +996703957636
е-mail: idpo.m.r.rahimovoy2025@gmail.com
Дареги: Бишкек ш., Раззаков көч., 51
Институттун курамы:
Жетекчи: директор, п.и.к., доцент Усенгазиева Гульнара Сабыркуловна
Профессордук-окутуучулар курамы:
Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын сапаттык көрсөткүчү 73,6%ды түзөт:
Абдалиева Гульзада Кошоевна – т.и.д., проф.м.а.
Абдухамидова Батмахан Абдухамидовна – ф.и.к., доц.
Абдышукурова Гулия Жыргалбековна – ага окутуучу
Ажыгулова Аида Бактыбековна – ага окутуучу
Акиева Гульдана Салмоорбековна – п.и.д., проф.
Бегалиева Динара Асылбековна – ага окутуучу
Жолдошалиева Наргиза Автандиловна – ага окутуучу
Жолдошев Нурбек Жакыпбекович – т.и.к., доц.
Жумалиева Венера Боромбаевна – ага окутуучу
Иманбердиева Нургуль Амановна – ф.и.к., доц. ма.
Новикова Светлана Васильевна – п.и.к., доц.ма.
Омурканова Чынара Токолоновна – п.и.к., доц.
Рахимова Жибек Толоновна – п.и.к., доц.
Ризаева Рахат Расуловна – п.и.к., доц.
Рысмендеева Назгуль Качкынбаевна – т.и.к., доц.м.а.
Сабитова Элмира Сагындыковна – ф.и.к., доц.
Сейдекулова Кулсун Сейдекуловна – п.и.к., доц.
Турусбекова Анархан Эмиловна – п.и.к., доц.
Шамканова Гульмира Джылкычиевна – п.и.к., доц.ма.
Табигый-математикалык билимдер кафедрасынын сапаттык көрсөткүчү 60%ды түзөт.
БекбоеваТоктобюбю Абдыкадыровна – ага окутуучу
Джунушалиева Калыйбубу Кенешбековна – п.и.к., доц.
Жамурзаев Жанышбек Бакирович – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Мадиева Аида Маматбековна – ага окутуучу
Койчуманов Максатбек Турарбекович – э.и.к., доц.м.а.
Усенгазиева Гульнара Сабыркуловна – п.и.к., доц.
Шаршенова Дамира Сыдыгалиевна – г.и.к., доц.м.а.
Белеков Кенжебек Жолдошевич – ф.-м.и.к., доц.м.а.
Долотказиев Талантбек Тологонович – ага окутуучу
Жолалиев Калысбек Сагындыкович – ага окутуучу
Жуманова Гулзат Тилековна – окутуучу
Керимканова Үпөл Абдырашитовна – ага окутуучу
Темирова Сымбат Акбагышовна – б.и.к., доц.
Халилова Гулжан Ташполотовна – ф.-м.и.к., доц.м.а.
Эгембердиев Шайымбек Амантурович – ф.-м.и.к., доц.м.а.
М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин өзгөчөлүгү окуу формасы сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт:
- кесиптик орто билим берүү базасында окуу мөөнөтү 3 жыл
- кесиптик жогорку билим берүү базасында окуу мөөнөтү 2 жыл.
Билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүү, критикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана заманбап коомдо ийгиликтүү жашоо жана иштөө үчүн зарыл болгон заманбап технологияларды жана актуалдуу көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүндүк бере турган адистер үчүн курстарды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү жана башка негизги көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Квалификациялык талаптарга ылайык ишкердик жана чыгармачылык жөндөмдөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө болуучу, негизги кесиптик билим берүү программасынын чегинен тышкары кесиптик билимге ээ болгон адамдардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга жана кесиптик, кайрадан даярдоого багытталган билим берүү.
Институтта педагогика, психология, башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, билим берүүдөгү менеджмент, логопедия ж.б. багыттар боюнча инновациялык методдорду колдонуу менен квалификацияны жогорулатуу үчүн ар кандай темаларды камтыган курстар өткөрүлүп турат.
Институтта кошумча кесиптик билим берүү “Жогорку мектептин педагогикасы” жана "Жогорку китепкана мектеби” багыттары боюнча 900 саат көлөмүндө курсту өткөндөр кесиптик
билим берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү дипломго ээ болушат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон окумуштуулар
Жамурзаев Жанышбек Бакирович – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.