Гуманитардык-педагогикалык колледж

Адрес: Чалдоварская 91а. 8-кичи район, И.Арабаев атындагы КМУнун №6 окуу имараты
Телефон,Факс: 0702 230278, 0705 727603

Тарыхы

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2005-жылдын 22-декабрындагы №3 протоколунун чечиминин жана ректордун 2006-жылдын 4-январынын № 01-9/1 буйругунун негизинде Гуманитардык-педагогикалык колледжи түзүлгөн.

Кийин университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2010-жылдын 1-июнундагы №29 протоколунун негизинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун курамынан өзүнчө түзүмдүк бөлүм катары чыгарылган. 

Колледж өзүнүн тарыхында статусу бир нече жолу өзгөргөн. 2010-2015-жылдары өзүнчө түзүмдүк бөлум болсо, 2015-2019-жылдары юридикалык жактан статусу жок окуу жайы болуп, ал эми 2019-жылы Гуманитардык жана Педагогикалык колледж аталып экиге бөлүнгөн. 2023-жылы кайрадан эки колледж биригип, Гуманитардык-педагогикалык колледж болуп иштөөдө.

Колледж иштегенден бери тѳмѳнкү профессордук-окутуучулук кызматын аркалап, жетектеп келишкен.  Алар, ф.и.к, профессор м.а. Касымова Белла Касымовна, б.и.к., профессор Давлетова Чынара Самаковна, п.и.д., профессор Алиев Шаршенбек Алиевич, б.и.к., профессор м.а Карымшаков Өмүрбек Абдыкасымович, г.и.к., профессор м.а. Дуйшеналиев Чынарбек Дуйшеналиевич, п.и.к. Толоев Максатбек Жеңишович.

2024-2025-окуу жылынан баштап №03-5/139 ректордун буйругунун негизинде педагогика илимдердин кандидаты, доцент Ашымбаева Токтобүбү Абасовна директор болуп дайындалды.

 Колледждин алгачкы жылдары “Экономика жана укуктар” жана “Жалпы билим  дисциплиналар”  кафедрасы болуп, кийин “Математикалык дисциплиналар”, “Гуманитардык-укуктук дисциплиналар”, “Моделдештирүү жана дизайн”, “Туризм” жана  “Чет тилдер” кафедрасы аталып өз ишин улантты. 2010-жылы колледжге “Маалыматтарды автоматташтыруу тутумун башкаруу”, “Эсептик техниканы программалык камсыздандыруу жана автоматташтыруу системасы” жана “Колдонмо информатика (тармактар боюнча)” багыттары, ал эми  2012-жылы "Педагогика жана кыргыз тил" кафедралары кошулган.

2013-2017-жылдары колледждин структурасында олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Бул мезгилде кафедралардын ордуна секциялар түзүлүп, ар бири өзүнүн адистик багытына ылайык кайра уюштурулган.

Кафедралардын ордуна (2013-2017-жж.) тармактык секциялар түзүлгөн:  “Экономика жана укук”, “Экология жана туризм”, “Жалпы билим берүү дисциплиналар”, “Информатика жана дизайн”, “Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү”. Бул структура колледждин багыттарынын кеңейишин жана иштөө системасынын жеңилдешин камсыз кылуу максатында киргизилген.

2017-жылдан тартып колледжде секциялардын ишин кеңейтүү, жаңы заманбап талаптарга жооп берүү, тармактардын адистешүүсү үчүн кайрадан бөлүмдөр системасына өтүү ишке ашырылды. Бул өзгөрүүлөр колледждин өнүгүүсүнө оң таасир тийгизип, билим берүү процессин заман талабына ылайыктаган маанилүү кадам болду. Бөлүмдөр студенттерди ар тараптуу даярдоого жана практикалык тажрыйбаны жакшыртууга багыт алды.

Азыркы учурда  И.Арабаев атындагы Гуманитардык-педагогикалык колледжи төмөнкү адистиктерди даярдоо багытында окуу жүргүзѳт: “Башталгыч класстарга билим берүү”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Мектепке чейиник атайын билим берүү”, “Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу пеадагогика”, “Кесиптик окутуу” (тармактар боюнча), “Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы”, “Дизайн (тармактар боюнча)”, “Дизайн (графикалык дизайн)”, “Туризм”, “Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо”.

Бүгүнкү күндө колледжде «Педагогика», «Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү», «Жалпы билим берүү дисциплиналар», «Дизайн жана гуманитардык билим берүү» бөлүмдөрү иш алып барат.

Максаты

Колледж билим беруу секторунда адистерди даярдоодо келечек муундарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, өлкөдөгү кадрдык суроо-талаптарды канаатандыруу жана максаттуу окутуу программаларына ылайык, ата мекендик жана чет элдик университеттерде жогорку кесиптик билим алуусун камсыздоого багытталган.

Жалпы билим берүү дисциплиналары бөлүмү

Жалпы билим берүүчү дисциплиналар бөлүмү колледжде 2007-жылы түптөлүп, колледждин окуу процессинде негизги орунду ээлейт. Бөлүм Жалпы билим берүүчү жана жалпы гуманитардык жана социалдык дисциплиналарды окутууну ишке ашырат. Бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы 51 окутуучудан турат. Окуу процесси колледжде ишке ашырылып жаткан адистиктер боюнча КР ББИМ орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде түзүлгөн, бекитилген окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Бардык окутуучулардын базалык билиминин сапаттык курамы, илимий даражалары жана наамдары бар. Бөлүмдүн окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында тренинг, семинарларга катышып турушат. 

Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү бөлүмү

Жаш муундарга сапаттуу билим берүү жана тарбиялоо үчүн зарыл болгон мугалимдерди даярдоо системасында колледждеги мектепке чейинки билим берүү бөлүмү маанилүү орунду ээлейт. И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин «Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү» бөлүмү 2019-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин «Чет тилдер жана мектепке чейинки билим берүү» бөлүмү болуп түзүлгөн. Университеттин 2023-жылдагы чечимине ылайык «Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү» бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.

Педагогика бөлүмү

ГПКнын «Башталгыч класстарга билим берүү» бөлүмү 2019-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин «Педагогика» бөлүмү болуп түзүлгөн. Бөлүм  050709 Башталгыч класстарга билим берүү адистигин даярдап чыгарат.

Гуманитардык-педагогикалык колледжинин «Башталгыч класстарга билим берүү» бөлүмү башталгыч класстар боюнча жаңы технологияларды өздөштүргөн, практикалык жактан билимдүү, мобилдүү, инновациялык жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү  адистерди даярдайт.

Бөлүм билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында жана кесипкөй адистерди даярдап чыгуу максатында өлкөбүздүн башка орто кесиптик окуу жайлары менен кызматташып келишет. Студенттер үчүн конок-лекцияларды, иш-чараларды, адистиги боюнча билим берүү мекемелерине экскурсияларды уюштуруп келишет.

Окутуучулар курамы эл аралык, республикалык деңгээлдеги семинар, конференция, тренинг, форумдарга активдүү катышып, университет тарабынан уюштурулган иш-чараларга, семинар, конференцияларга активдүү катышып турушат. Университет, колледж тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты окутуучусу”, “Жылдын мыкты куратору” өңдүү конкурстарга катышып байгелүү орундарга ээ болушкан. Бөлүмдө 39 окутуучу иштейт.

Дизайн жана гуманитардык билим берүү бөлүмү

Бɵлүм 2007-жылдын 3-март күнү Гуманитардык-экономикалык факультетинин алдында «Моделдештирүү жана дизайн» аталышында түзүлгɵн. Алгачкы мугалимдери, сүрɵтчү  К.И.Сухаревский (Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчɵсү), Кокубева М.К. (Кыргызстан Сүрɵтчүлɵр союзунун мүчɵсү) жана «Көркөм долборлоо» факультетинин мугалимдери иштеген. 2007-2009-ж.ж.  бөлүмдүн башчысы болуп Токтомаматова Асылкан эмгектенген. Бɵлүмдɵ эки багыт 260903 Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы жана 070602 Дизайн (тармактар боюнча)  болгон. 2018-2024- жылдар аралыгында көп өзгөрүүлөр болуп, бүгүнкү күндө бɵлүм «Дизайн жана гуманитардык билим берүү» бөлүмү деп аталат. Азыркы учурда 21 окутуучу эмгектенет.

Колледжде эмгектенген илимдин кандитаты, доценттер: п.и.к., доц.м.а. Ашымбаева Токтобүбү Абасовна, п.и.к., доц. м.а. Толоев Максатбек Жеңишович, ф.-м.и.к., доцент Тултуков Бакытбек Теңирбергенович, п.и.к., доц. м.а. Мамбетова Заря Жусуповна, т.и.к., доцент Мамытов Алмаз Садырович, п.и.к., доц.м.а. Молдоисаева Ирима Камчыбековна, п.и.к., доцент Асанакунов Такабай Абдыбекович, п.и.к., доц.м.а. Ормонова Сабира Камчыбековна, 35 магистрант окутуучулар жана көп жылдык тажрыйбасы бар  белгилуу педагогдор жаштарга билим берүүдө талыкпай эмгектенишүүдө. Колледждин  окутуучулук  курамы  илимий-практикалык конференцияларга, форумдарга жана  маданий, илимий  иш-чараларга катышып турушат.

Жыл ичинде окуу китептери, окуу усулдук китептер, илимий макалалар жарыкка чыгып турат.  Сокурова Ж.К. «Чоронун чүкөлөрү», «Асан-Үсөн», Мамбетова З.Ж.  «Мекен таануу» башталгыч класстар үчүн, “Кумурсканын уюгу”  https://t.me/USAIDokuukeremet/51 аудиокитеп, “Данектин окуясы” https://t.me/USAIDokuukeremet/51, электрондук китеп, Асанакунов Т.А. “Мектеп үчүн фразеологиялык сөздук” жалпы орто билим берүүчү мектептер үчүн жазылган окуу жана окуу усулдук китептери андан тышкары жогорку окуу жайынын студенттери үчүн Мамбетова З.Ж. "Мекен таануу предметин окутуу" окуу усулдук колдонмо чыгарылган.

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи бул билим берүү кызматтарынын кеңири спектрин көрсөтүүчү кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик окуу жайы. Колледж гуманитардык жана табигый-илимий багыттарды камтыган, талапка жооп берген жогорку деңгээлдеги адистерди даярдайт. Колледждин билим берүү программалары окутуунун заманбап технологияларын жана инклюзивдик билим берүүнү окутуунун методикасын өздөштүрөт, алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга багытталган.

Гуманитардык-педагогикалык колледж – ата мекендик жана дүйнөлүк педагогикалык билимдин, илимдин жана маданияттын кесиптик билимдерине негизделген, алдыңкы демократиялык салттарды өз ишинде колдонгон доценттердин, аспиранттардын, магистранттардын, окутуучулардын жана студенттердин чыгармачыл түзүмү. Колледж билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана кесиптик адистерди даярдоо максатында өлкөнүн башка орто кесиптик окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келет.

Колледж ачылган кезде студенттердин саны 100гө жетчү, азыркы мезгилде 2550дөн ашык студенттер билим алууда.

Ал эми окутуучулук жааматы 124 окутуучу, 102 штаттык кызматкер, 8 илимдин кандидатынан турат. Алардын чыгармачыл күчү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүү программаларынын актуалдуулугун камсыздоого багытталган.

ГПК, адистиктер жана квалификациялар

Гуманитардык-педагогикалык колледжинде төмөнкү адистиктер боюнча квалификациялар күндүзгү жана сырттан берилет. Алар,

- «Башталгыч класстарда билим берүү» - «Башталгыч класстын мугалими»,

- «Мектепке чейинки билим берүү» - «Мектеп жашына чейинки балдардын тарбиячысы»,

- «Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика» - «Башталгыч класстардын жана коррекциялык билим берүү класстарынын мугалими»,

- «Мектепке чейинки атайын билим берүү» - «Өнүгүүсүндө кемчилиги бар мектеп жашына чейинки балдардын тарбиячысы»,

- «Кесиптик окутуу» (тармактар боюнча) - «Өндүрүштүк окутуунун устаты»,

- «Туризм» - «Туризм боюнча адис»,

- «Экология жана айлана чөйрөнү коргоо» - «Эколог»,

- «Тигүү буюмдарын конструкциялоо моделдештирүү жана технологиясы» - «Модельер-конструктор»,

-  «Дизайн (тармактар боюнча)», «Графикалык дизайн» - «Дизайнер».

ГПК бөлүм башчылары

Гуманитардык-педагогикалык колледжде “Жалпы билим берүү дисциплиналары” бөлүмү – бөлүм башчысы Касымбаева А.А., “Дизайн жана гуманитардык билим берүү” бөлүмү – бөлүм башчысы Б.Б.Турганбаева, “Башталгыч класстарга билим берүү” – бөлүм башчысы А.Ж.Молдалиева жана “Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү” – бөлүм башчысы Данияр кызы Толгонай эмгектенишет.

Илимий ишмердүүлүгү

2020-2021-окуу жылында окутуучу Кулекова Ч.Б. PhD докторлук ишин, окутуучу Толоев М.Ж. кандидаттык ишин, 2021-2022-окуу жылында Молдоисаева И.К., Бакманова А., Джакыпова З.Ж. кандидаттык иштерин коргошсо, 2022-2023-окуу жылында Ормонова С. кандидаттык ишин коргоду. Азыркы учурда университеттин PhD докторантурасында Болотбекова Г.Р., Турсунбек к. Э., Джаныгулова А., ошондой эле магистратурада окуп жатышат.

Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучулар курамы акыркы, окуу жылында илимий эмгектерине 24 автордук күбөлүктөрү алынган.

Жарыяланган макалалардын саны

2021-2024-жылдар аралыгында 150дөн ашык макалалар жарыяланды.

Чыгарылган типтүү программалар, окуу китептери, окуу усулдук колдонмолор

2021-2024-жылдар аралыгында 14 окуу китеби, 11 окуу-усулдук куралдар, 8 окуу куралдар, 55 типтүү программалар чыгарылган.

ГПК түзгөн меморандумдар жана эки тараптуу келишимдер

Кыргыз Республикасындагы баардык Жогорку окуу жайлар менен жана ошондой эле орто кесиптик окуу жайлар менен меморандумдар жана эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Ошонун алкагында 2023-2024-окуу жылы академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи, Нарын мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжи, Талас Мамлекеттик университетинин алдындагы Кесиптик колледжи, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кесиптик колледжи менен келишимдердин негизинде И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжине жана КМУнун ГПКнын студенттери окуудан өтүштү.

Студенттик парламент

Студенттик парламент жана студенттер убактыларын пайдалуу өткөрөт.

Гуманитардык-педагогикалык колледжи кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келет.

Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон балдарга барып кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келишти. Мүмкүнчүлүгү чектелген 110 балага жана 90 үй-бүлөгө ар кандай таттуу белектер, азык-заттар, кир-жуучу каражаттар таркатылып, көңүл ачуучу жаңы-жылдык концерт тартуулашты.

И.Арабаев атындагы Гуманитардык-педагогикалык колледжинде “Билим таймаш” жаштар кубогу  интеллектуалдык оюну өттү.

ГПКнын “Жаш канат” командасы III даражадагы диплом менен сыйланды.

И.Арабаев атындагы КМУнун 80-жылдыгына карата волейбол боюнча спартакиадада Гуманитардык-педагогикалык колледжинин волейбол боюнча кыздар командасы 2-орунду алды.

Материалдык-техникалык база

Окуу аудиториялары жасалгаланып, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 72 даана окуу китеби; ЮСАИД тарабынан 1 проектор жана 1147 даана окуу китептери, методикалык колдонмолор, 32 даана балдар адабияты, 106 даана окуу китептери жана журналдар белекке берилди.