Теология факультети

Адрес: 720026 Бишкек шаары, 8-кичи район, Чалдавар көчөсү 91-б.
Телефон,Факс: 0(312) 51 09 01

 

Тарыхы

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультети, 2008-жылы “Теология” адистиги И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер институтунун “Саясат таануу, жарнама, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасынын базасында, ал эми 2010-2011-окуу жылында өз алдынча “Теология” кафедрасы болуп түзүлгөн.

2016-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын ББИМ №74/1 жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын №35 буйруктарынын негизинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Теологиялык колледжи түптөлгөн. Теологиялык колледж Кыргыз Республикасынын Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы №315 буйругуна ылайык Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте, И.Арабаев атындагы КМУнун алдында пилоттук негизде ачылган.

2023-жылдын 13-июнунда И.Арабаев атындагы КМУнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана натыйжалуу жүргүзүү максатында Теологиялык колледж менен “Теология” кафедрасы биригип, Теология бөлүмү болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2023-жылдын 29-декабрында Теология бөлүмү И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимине жана И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун №01-8/814 буйругуна ылайык Теология факультети болуп өзгөртүлүп, университеттин түзүмдүк курамдарынын катарына кошулган.

Окуу багыты жана адистиги

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультети, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде гуманитардык, так жана табигый илимдер менен теологиялык жана дин таануу сабактарды айкалыштыруу менен комплекстүү билим берүү программасынын алкагында теология багытында орто кесиптик, бакалавр денгээлиндеги адистерди, магистранттарды жана PhD докторлорду даярдайт.

И.Арабаев атындагы КМУнун Теологиялык колледжи 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Орто кесиптик билим берүүдөгү мамлекеттик билим берүү стандартын 050717 адистиги боюнча негизги түзүүчүсү болуп мамлекеттик стандартын иштеп чыккан. Биздин окуу жай Кыргыз Республикасынын Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын аткаруу жана илгерлетүү максатында окуу пландарды, жумушчу программаларды, окуу методикалык комплекстерди, жарандардын диний билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, маданий баалуулуктарды, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпей турган диний билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга жол көрсөтүүчү кызматтарын тартуулап келет. Окутуунун светтик мүнөзүн сактап келүү принцибинин негизинде.

Теология жана дин таануу кафедрасы

И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү жана өркүндөтүү максатында университеттин курамдык түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча түзүлгөн комиссиянын (2024-жылдын 8-апрелиндеги №01-8/266 буйрук) отурумдарынын сунуштарынын негизиндеги И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы №10 отурумунун чечимине ылайык И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин “Теология” кафедрасынын аталышы “Теология жана дин таануу” кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. Теология кафедрасын 2015-жылдан 2023-жылга чейин Бектуров Э.Ш., ал эми 2023-2024-окуу жылынан тартып PhD доктор, доценттин м.а. А.А.Таштанова жетектеп келет. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жогорку сапаттык көрсөткүчкө ээ. Анда 2 доцент, 3 доценттин м.а., 5 PhD доктор жана 11 магистр эмгектенет.

Илимий ишмердүүлүгү

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинде илимий ишмердүүлүктү жакшыртуу максатында көп тараптуу иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Окутуучулар эл аралык түрдүү илимий конференция, семинар, талкууларга катышып, Кыргызстандагы жана эл аралык илимий журналдарга илимий макалаларын жарыялап турушат. Мындан сырткары окутуучулар, методикалык колдонмолорун жана окуу куралдарын иштеп чыгышкан. Мисалга алсак, Н.Б. Шамралиевдин “Мамлекет жана дин” аталышындагы методикалык колдонмосун, С.А. Мырзаибраимовдун "Исламда саясий жана ишенимге байланыштуу агымдар” жана "Мухаммед пайгамбардын дипломатиялык ишмердүүлүгү" китептерин, К.Утуров менен Э.Бектуровдун “Мусульманское право” окуу куралын жана С.А. Мырзаибраимов менен Ш.А. Исмаиловдун биргеликте мектеп окуучулары үчүн иштеп чыккан “Диндердин өнүгүү тарыхы” ж.б. окуу куралдарын айта кетсек болот.

 Эл аралык байланыштар

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультети, Кыргызстанда жана чет өлкөдө бир нече эл аралык окуу жайлар жана уюмдар менен иш алып барат. 2024-жылдын 25-июнунда Теология факультетинин жетекчилигинин аракети менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Анкара социалдык билимдер университети ортосунда эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Келишимге ылайык, эки университет студенттердин жана окутуучулардын ортосунда билим берүү, тажрыйба алмашуу, биргеликте илимий-изилдөө долбоорлорун жүргүзүү, дисттанттык билим берүү, магистратура жана PhD. докторлук программалар боюнча илимий жетекчилик, академиялык мобилдүүлүк, эл аралык илимий конференциялар, конок лектор жана семинарлар сыяктуу багыттар боюнча кызматташат. Теология факультети, билим берүү программаларынын жана окуу-танышуу, өндүрүштүк, кесиптик, башкаруу, илимий-педагогикалык жана илимий изилдөө практикаларынын базаларын камсыздап, эффективдүү билим берүүнүн үстүндө иш алып барып, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, изилдөө борборлору жана жогоркуу окуу жайлар менен кызматташтыктарды жүргүзүп келет.

Теология факультетинин Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү өнөктөштөрү:

- КР ДИМК (Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия)

- КР ДИМКга караштуу ДКИБ (Диний кырдаалды изилдөө борбору)

- КР ИИМ (Ички иштер министрлиги)

- КМДБ (Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы)

- ТИКА Түрк кызматташтык агенттиги

- Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги

- Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилиги

- Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү өкүлчүлүгү

- Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча өкүлчүлүгү

- КТМУ

- Ош МУ

- Кыргыз-Түрк “Анадолу” Кесиптик Кыздар лицейи

- “IHSAN-HAIRIA” (Ихсан-Хайрия) коомдук фонду

- “Тенсай” Кыргыз-Япон жеке менчик мектеби

- “ Умма” Ислам журналы

- Тевфик Илери Анадолу Имам Хатип лицейи (Түркия)

- Бейоглу Имам Хатиб лицейи (Түркия)

- Омер Чам Имам Хатип лицейи (Түркия)

- Истанбул Зейтин Бурну кыздар лицейине (Түркия)

- Истанбул Фатих эл аралык лицейине (Түркия)

- Мухаммед Эмин Сарач Эл аралык Имам Хатип лицейи (Түркия)

- Уммуль Кура университети (Сауд Арабия Падышачылыгы)

- Анкара Социалдык Билимдер университети (Түркия)

- Казань-Ислам университети (Россия Федерациясы)

- Москва Ислам институту (Россия Федерациясы)

- ТTÖMER (Түрк тилин окутуу борбору)

- “Ассанабил” кайрымдуулук фонду  

Академиялык мобилдүүлүк

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультети, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасына өзгөчө көңүл буруп, активдүү иштерди жүргүзүп келет. Жыл сайын Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү окуу жайларга 1 айга, 2 айга жана 1 семестрга студенттер жөнөтүлөт. Ошону менен бирге Кыргызстандагы окуу жайлардан да академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында билим алып кетишет.

Өзгөчө белгилей турган болсок 2021-2022- окуу жылында Теология колледждин 16 студенти Тевфик Илери Анадолу Имам Хатип лицейине (Түркия) академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча 1 айлык окууга барып келишкен. 2022-2023-окуу жылында Теология колледждин 20 студенти Мухаммед Эмин Сарач Эл аралык Имам Хатип лицейинде (Түркия) жана Бейоглу Имам Хатиб лицейинде (Түркия) академиялык мобилдүүлүк боюнча 1 айлык окууну аяктап келишкен. 2023-2024-окуу жылында Теология факультетинин ОККБ программасынын 4 студенти Истанбул Зейтин Бурну кыздар лицейине (Түркия) жана 2 студент Истанбул Фатих эл аралык лицейине (Түркия) академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча 1 айлык окууга барып келишкен. 2024-2025- окуу жылында бакалавр программасынын 2 студенти Анкара социалдык билимдер университетине 1 айлык окуу программасын ийгиликтүү аякташты.

Студенттик жашоо

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинде студенттердин ортосунда ар кандай иш-чаралар өтүп турат. Мамлекеттик майрамдарга, даталуу күндөргө, диний майрамдарга карата уюштурулган конкурстар, тегерек столдор, семинарлар, дебаттар аркылуу студенттер өздөрүнүн ар кандай жөндөмдөрүн, таланттарын көрсөтүп, өз ара социалдашуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле диний маселелер боюнча да жыйындар, талкуулар, конференциялар уюштурулуп, студенттердин диндин ар түрдүү аспекттерин талкуулап, өз көз караштарын кеңейте алышат. Мындан сырткары Теология факультетинин студенттери волейбол, футбол, теннис түрлөрү боюнча курамдар, университеттер аралык спорттук мелдештерге да активдүү катышып, алдыңкы орундага ээ болуп келишет. Мыкты окуган студенттерге атайын долбоорлордун негизинде экскурсиялар жана стипендиялар берилет.

Чет тилдери боюнча ийримдер

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультети, студенттердин чет тилдерин өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл буруп келет. “TÖMER” түрк тилин окутуу борбору менен тыгыз иш алып баруунун негизинде түрк тили окутулуп, ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар берилет. Мындан сырткары араб жана англис тилдери боюнча да ийримдер өткөрүлүп турат. Чет тилдерин мыкты өздөштүргөн студенттерге эл аралык окуу жайларда академиялык мобилдүүлүк программасына жана илимий-изилдөө долбоорлорго катышууга жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп келет. Танапис учурунда жалпы студенттерге жана окутуучуларга бекер чай жана таттулар берилишине шарт түзүлгөн.

Материалдык–техникалык база

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин материалдык-техникалык базасы факультеттин билим берүү процессин сапаттуу жүргүзүү үчүн керектүү жабдуулар менен камтылган. Факультетте заманбап компьютердик аудитория, лаборатория, жыйындар ордосу, чоң жана чакан аудиториялар, интерактивдүү панелдер, телевизорлор, Wi-Fi интернет таратуулар менен камсыздалган. Ошондой эле ондон ашык тилде басылып чыгарылган китептер, колдонууга жеткиликтүү онлайн китепкана да орун алган.  

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин курамы

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин деканы PhD доктор, доценттин м.а. Шамралиев Нурбек Болотович.

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, ага окутуучу Калыкова Таалайгүл Калыковна.

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин тарбия жана уюштуруу иштери боюнча декандын орун басары Ташболотов Азиз Жаңыбаевич.

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин Теология жана дин таануу кафедрасынын башчысынын м.а. PhD доктор, доценттин м.а. Таштанова Айзада Ахматалиевна.

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин лаборанты Иралиева Алтынай Джолдошевна.

Профессордук-окутуучулар курамы

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин негизги профессордук-окутуучулар курамы чет тилдерин билген тажрыйбалуу кадрлардан түзүлгөн:

PhD доктор, доценттин м.а. Шамралиев Н.Б., PhD доктор, доцент Мырзаибраимов С.А., PhD доктор, доценттин м.а. Таштанова А.А., PhD доктор, доцент Жусупов М.Г., э.и.к., доцент Усенов Э.К., т.и.к., доценттин м.а. Исмаилов Ш.А., PhD доктор Дүйшөнкул у. К., PhD доктор Жалилов Э.Ж., PhD доктор Бабатаев А.М., ага окутуучу Калыкова Т.К., магистранттар Ташболотов А.Ж., Саипов А.К., Абдулхади Эль-Мунги Лейла Ансаф Хусейн, Осмонова Ж.К., Амантур уулу А, Досманова А.С., Мырсабек к. К., Абдыкадыр к. Б., окутуучулар Иралиева А.Дж., Гапырова Н.Ж. Токтошев Б.К. ж.б.  

Байланыш номери: (312) 51 09 01

Электрондук дарек: theologicalfaculty@gmail.com

Дареги: 720026 Бишкек шаары, 8-кичи район, Чалдавар көчөсү 91-б.