Японтаануу институту

Адрес: Бишкек ш., Разаков көч., 51
Телефон,Факс:

Тарыхы

Японтаануу институту 2016-жылы ЖОЖдун жетекчилигинин жана япон өнөктөштөрүнүн демилгеси менен негизделген (06.06.2016-жылдын № 01-08/308 буйругу). 2016-жылы бакалавриаттын эки багыты ачылган – 531500 "Аймактаануу" жана 600300 "Мейманкана иши"; 2018-жылы – 040101 "Социалдык иш" адистиги менен орто кесиптик билим берүү бөлүмү ачылган. Институттун билим берүү ишмердүүлүгү Кыргызстандын жана Япониянын эмгек рыноктору үчүн квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу боюнча кабыл алынган миссияны жетекчиликке алат.

Жетишкендиктер

Бүткүл окуу мезгилинде Институт олуттуу жетишкендиктерге жетишти: ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын саны көбөйдү, жаңы багыттар ачылды – 600200 "Туризм", "Эл аралык туризм" профили, 040111 "Социалдык тейлөө" адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө жана 260502 "Коомдук тамактануу продукциясынын технологиясы"; студенттер үчүн стажировкалардын базасын берүүгө жана аларды андан ары ишке орноштурууга даяр өнөктөштөрдүн саны кыйла көбөйдү. Жыл сайын, япон өнөктөштөр менен маектешүүдөн ийгиликтүү өткөн студенттер өз адистиги боюнча уюмдарда жана компанияларда 3, 6-айлык жана 1 жылдык стажировкадан өтүшөт. Стажировкадан тышкары, өнөктөштөр студенттерди Япониянын окуу жайларында окутууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында, эки студент Иватани Гакуэн тил колледжинде окушат; Мурунку жылдары 5 студент Фукая эл аралык тил борборунда билим алган, University Mobility in Asia and Pacific программасы боюнча бир студент бир семестр Кансай университетинде окуду.

Институттун профессордук-окутуучулук курамы ата мекендик курстардан, семинарлардан, окутуучу тренингдерден тышкары, өз квалификациясын жогорулатуу боюнча тынымсыз иш алып барууда, окутуучулар ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйба алууга аракет кылышат. Japan Foundation программасы боюнча япон тили окутуучулары япон тилин окутуунун методикасы боюнча Урава университетинде билим алышкан. Алынган билим жана тажрыйба алар тарабынан институттун студенттерин окутууда ийгиликтүү колдонулат жана өз жемишин берет: студенттер япон тили боюнча ар кандай эл аралык сынактарга катышат.

"Аймактаануу" багытынын студенти Бекова Селкинай Россия Федерациясында, Новосибирск шаарында өткөн "Сибирь-Хоккайдо" туризм жана бир тууган мамилелер борборунда өткөн Бенрон тайкай сынагында (оратордук чеберчилик сынагы) ардактуу экинчи орунду ээледи.

Институттун Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен өнөктөштүгүнүн аркасында институтта тынымсыз ыктыярдуу иш-чаралар жүргүзүлөт, бул агенттик аркылуу Япониядан ыктыярчылар студенттерди окутууга келишет. Ыктыярчылар өз багыты/адистиги боюнча билим берүү иштерин жүргүзүшөт (туризм, япон тили, социалдык иш), тамак-аш өнөр жай мекемелеринин ыктыярчылары. Алардын ишмердүүлүгү институттун өнүгүшүнө зор салым кошот.

Институтта Япониянын студенттери менен жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлөт (онлайн жана оффлайн режиминде), анда эки тараптын студенттери баарлашууга, бири-биринин тарыхы жана маданияты жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана акыры үйрөнүп жаткан тилди практикалоого мүмкүнчүлүк алышат.

Учурда институтта төмөнкү билим берүү программалары ишке ашырылууда.

Бакалавриат багыттары

531500 "Аймактаануу", "аймактаануу" профили;

600300 "Мейманкана иши", "Мейманкана кызматтарын уюштуруу технологиясы" профили;

600200 "Туризм", "Эл аралык туризм" профили;

Орто кесиптик билим берүү адистиктери

040101 "Социалдык иш", "Социалдык кызматкер" квалификациясы;

040111 "Социалдык тейлөө", "Социалдык ассистент" квалификациясы;

260502 "Коомдук тамактануу продукциясынын технологиясы", "Техник/технолог" квалификациясы;

Институттун түзүмү

- дирекция

- окуу бөлүмү

- Илимий Кеңеш, институттун окуу-методикалык кеңеши

- профессордук-окутуучулук курам

Илимий ишмердүүлүк

Институтта ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларына ылайык илимий ишмердүүлүк ар тараптуу: институтта педагогика, философия, тарых, экономика, туризм, психология боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт.

          Эл аралык ишмердүүлүк

  1. Фукая эл аралык чет тилдер борбору
  2. Иватани Гакуэн чет тилдер колледжи
  3. Кансай университети (UMAP долбоорунун программасы менен)
  4. Хиросима университети
  5. Гакусюин университети (Токио)
  6. JIGIO университети
  7. Вакаяма университети
  8. IU университети (Токио маалымат жана инновациялар менеджменти университети)
  9. MEXT программасы

Мезгил-мезгили менен Япониянын окуу жайлары менен онлайн баарлашуу уюштурулуп келет, мындай практика студенттердин япон тилине, маданиятына кызыгуусун арттырып, мотивация берет, мисалы:

2024-жылынын 28-ноябрында Хоккайдо префектурасынын Саппоро шаарынын Окадама жогорку мектеби менен онлайн жолугушуу өттү.

Эл аралык байланыштар

  • JICA Кыргыз-япон кызматташтык агенттигинин жардамы менен институтта ыктыярчылык ишмердүүлүк ийгиликтүү өтүп жатат. Азыркы учурда төрт ыктыярчы япон тили боюнча иш алып барууда.
  • “Туризм” жана “Мейманкана иши” багыты боюнча, “Социалдык кызмат” жана “Социалдык тейлөө” адистиги боюнча жана “Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы” адистигинде.
  • IM Japan Кыргызстандык адистерди Япониянын эмгек рыногуна даярдоого көмөк көрсөтүү.
  • Social Weifare Corporation Moeginosato (Социалдык камсыздоо корпорациясы) Социалдык кызмат жаатындагы кызматташуу;
  • Meitetsu Area Partners компаниясы Коммуникациялар жана транспорт жаатындагы кызматташтык;
  • Ребун компаниясы “Туризм” жана “Мейманкана иши” багытындагы кызматташтык.

2017-2024-жылдар аралыгында 237 студент Япониянын 10дон ашык компанияларында стажировка өткөн.

Японтаануу институтунун окутуучулар курамынын эл аралык квалификациясын жогорулатуу

Япон тили боюнча окутуучуларынын Япониянын жогорку окуу жайларындагы квалификацияны жогорулатуусу Japan Foundation уюмунун программалары аркылуу ишке ашырылат.

Urawa Japanese-Language Institute (Сайтама префектурасы) менен келишимдин негизинде япон тилин окутуунун методикасы боюнча Японтаануу институтунун окутуучулары Таштанбекова Сырга (2019-2020), Исираилова Жылдыз (2022-2023), Айсариева Дамира 2023-2024-окуу жылдары квалификациясын жогорулаткан.

ИЯнын окутуучулары студенттер өтүп  жаткан стажировкаларынын кураторлору катары тажрыйба алмашуу максатында Японияга барып келгенге мүмкүнчүлүктөрү бар.

Студенттик турмуш

Институтта куратордук ишке өзгөчө маани берилет. Окуу процессинен тышкары институт студенттердин эс алуусун да жөнгө салат. Институтта кызыкчылыктар боюнча кошумча ийримдер бар: Art-club – манга тартууну сүйүүчүлөрдүн клубу (япон аниме); Taiko барабанчылар (япон барабандары).

Кураторлор менен биргеликте студенттик жашоону студенттер өздөрү уюштурат, аларды эң активдүү жана ийгиликтүү студенттерден турган Японтаануу институтунун Студенттик парламенти көрсөтөт.

Институттун студенттери Стартап-долбоорлорго активдүү катышат. Японтаануу институтунун студентинин “абитуриенттер үчүн жол көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу” долбоору университеттин сынагында байгелүү орунду ээлеген.

Институттун студенттик турмушуна ыктыярчылар активдүү катышат. Алар дайыма ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт. Япониянын маданияты боюнча мастер-класстар (чай аземдери, юката жана кимоно кийүү боюнча мастер-класстар, караоке сынактары ж.б.). Ошондой эле сабактардын графигинен япон тили жана маданияты боюнча кошумча сабактар өткөрүлөт.

Материалдык-техникалык базасы

Институттун материалдык-техникалык базасы ректорат тарабынан бекитилген аудиториялык фондду, студенттерди ишке орноштуруу жана стажировкалоону уюштуруу боюнча ресурстук борборду камтыйт, "Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы" адистигинин студенттери үчүн лаборатория-ашкана учурда жабдуу стадиясында.

Байланыш

Дареги: Бишкек ш., Разаков көч., 51

E-mail: japanstudieskg@mail.ru

Институттун курамы

Институттун директору – Самаров Айбек

Директордун орун басары – Абдраимова Рахат Жеңишбековна

АОБББ башчысы – Кыдыралиев Максатбек Нурбекович

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси – Нурлан кызы Салима

АОБББ методисти – Мадылбекова Бекзада Эмилбековна

Профессордук-окутуучулук курамына 14 штаттык окутуучу кирет.