ИСКУССТВО ЖАНА ДИЗАЙН ИНСТИТУТУ
Тарыхы
Искусство жана дизайн факультети 1958-жылы ошол кездеги В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун курамында музыкалык-педагогикалык факультети болуп уюштурулуп, 1986-1987-окуу жылында факультеттин курамында сүрөт, чийүү жана костюмду моделдөө кафедрасынын ачылышы менен музыкалык-педагогикалык факультети маданият факультети болуп кайра түзүлөт. 1999-жылы маданият факультетинин базасында маданият билим берүү борбору уюштурулган (лицензиянын номери №АЛ 200 МОиК), 2000-жылдан баштап 2022-жылга чейин көркөм маданият жана билим берүү факультети болуп келди. Учурда И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими, ректордун буйругу менен искусство жана дизайн факультети болуп аталды. 2025-жылдын 28-апрелиндеги И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими, ректордун буйругу менен искусство жана дизайн институту болуп аталып калды
Учурунда институттун башчылары болуп Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов, Асанбек Айылчиев, Шаршенбек Алиев, Гулзат Бердалиева, Эркин Токсомбаева, Мелис Оңолбаев, Кубатбек Джакыпов, Жылдыз Сулайманова, Айзат Мамытовалар эмгектенип келишти. Учурда институттун директору болуп КРдин эл артисти, профессор Кадыралы Артыков эмгектенүүдѳ. Декан катары 20 жылдан ашык факультетте эмгектенип, маданият билим берүү борборун ачып анын ичине музыка, сүрѳт, чийүү жана моделдѳѳ кафедраларын түзүп келген педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токсомбаева Эркин Тургамбековнанын үзүрлүү эмгегин баса белгилеп айтууга болот.
Максаты
Чыгармачыл, эстетикалык жана профессионалдык жөндөмдөргө ээ болгон адистерди даярдоо жана студенттерди көркөм өнөр, музыка жана дизайн багыттарында педагогикалык кесиптик билим менен камсыздоо. Студенттердин көркөм табитин, чыгармачыл ой-жүгүртүүсүн жана идеяларды практикалык иштер аркылуу ишке ашыруу жөндөмүн өнүктүрүү, искусство жана дизайн чөйрөсүндө жаңы идеяларды жана методикаларды иштеп чыгуу, Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүн, салттуу өнөрлөрүн жана маданий баалуулуктарын изилдөө, сактоо жана дүйнөлүк аренага чыгаруу. Бул факультет искусство, дизайн жана маданий мурастар чөйрөсүндө сапаттуу билим берүүгө багытталган.
Институттун өзүнө тиешелүү логотиби жана гимни бар жана алардын авторлору аталган факультеттин окутуучулары. Институтта жогорку квалификациядагы адистер, борбордук жана республикалык ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү, магистранттары, КРдин эл артисттери, эл сүрөтчүлөрү, КРдин маданиятына жана билим берүсүүнө эмгек сиңирген ишмерлери, композиторлор, сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, республикабызга кеңири белгилүү талант ээлери, көп жылдык тажрыйбалуу жогорку адистиктеги окутуучулар, профессорлор эмгектенишип, элибиздин келечектери болгон жаш муундарды өнөр-билим дүйнөсүнө тарбиялоого өз салымдарын кошуп жатышат.
Институтубуздун курамында төмөнкүдөй багыттар боюнча билим берүү жүргүзүлөт:
Бакалавриат
- Костюмду көркөм долбоорлоо (күндүзгү)
- Музыкалык билим берүү (күндүзгү / сырттан)
- Чөйрө дизайны (күндүзгү / сырттан)
- Көркөм сүрөт (күндүзгү / сырттан)
- Көркөм сүрөт жана чөйрө дизайны мугалими (күндүзгү / сырттан)
- Технология жана дизайн (күндүзгү / сырттан)
- Графикалык дизайн (күндүзгү)
- Кийим дизайны (күндүзгү)
Магистратура
- Музыкалык билим берүү (күндүзгү)
- Көркөм сүрөт (күндүзгү)
- Технология жана дизайн (күндүзгү)
Орто кесиптик билим берүү (Колледж)
- Модельер-конструктор (күндүзгү)
- Дизайн (Графикалык дизайн) (күндүзгү)
- Дизайн (Тармактар боюнча) (күндүзгү)
- Кесиптик окутуу (тармактар боюнча) (күндүзгү)