Мамлекеттик тил жана маданият институту
Тарыхы
1952-жылы В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда филология факультети уюштурулган. Анда 4 адистештирилген кафедра болгон. Кыргыз тили улуттук мектептерде, кыргыз тили, дефектология боюнча адис мугалимдер даярдалган. Орус тили жана адабияты бөлүмү түзүлгөн.
Аталган факультет түзүлгөндөн тартып анда профессор К.К.Юдахин, И.А.Батманов, Л.B.Батманова, В.М.Озмитель, B.C.Щербаков, К.Х.Джидеева, С.Г.Шарафутдинова, Э.Н.Лукьянова, В.П.Каипова, Е.М.Кузичева, С.М.Исаева, А.Эркебаев, О.Ибраимов, А.С.Кацев сыяктуу көрүнүктүү лингвисттер, адабиятчылар, методисттер, окуу китептеринин жана окуу-методикалык колдонмолордун, сөздүктөрдүн авторлору иштеген.
1987-жылы орус филологиясы факультетинин негизинде кыргыз филологиясы ачылып, эки адистик катарлаш иш жүргүзүп калган. Аны алгач С.Г.Шарафутдинова, К.Х.Джидеева жетектеп, В.М.Озмитель, Т.А.Шамергенова, О.Ибраимов, С.Тентимишева, Ү.Култаева, Д.Саалиева, К.Садыкова, Ш.Жапаров, А.Эркебаев, С.Батаканова, С.Кайыпов, И.Абдувалиев ж.б. эмгектенген.
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы УП №268 Жарлыгы жана Кыргыз Ɵкмөтүнүн 2001-жылдын 9-июлундагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин базасында № 326 токтомунун негизинде Мамлекеттик тил жана маданият институту түзүлгөн.
Институт өзүнүн ишмердүүлүгүн КРнын Конституциясына, КРнын Жарандык кодексине, КР «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына, «КР жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелери жөнүндөгү» жобого, КРнын ББжИМнин укук-ченем актыларына, И.Арабаев атындагы КМУнун Уставына жана өзүнүн жеке Уставына ылайык жүргүзөт.
Институттун түптөлүшүнө зор салымын кошкон биринчи директор, ф.и.д., профессор Үмүт Баймуратовна Култаева 2001-2006-жылдары жетекчилик кылган. Окуу иштери боюнча директордун алгачкы орун басары Калыбек Байжигитов 2001-2003-жылдары эмгектенген. 2006-2023-жылдары ф.и.д., проф. М.К.Жумаев, ф.и.д., проф. К.Саматов, ф.и.к., проф. А.О.Дюшембиева, ф.и.д., директордун м.а., Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.А.Эгембердиева жетектешкен. Азыркы учурда МТМИнин директору болуп ф.и.д., проф. С.С.Жумалиев иш алып барууда.
Филологиялык факультет учурундагы үч кафедра: “кыргыз тилинин теориясы жана практикасы”, “кыргыз адабияты жана дүйнөлүк көркөм маданият”, “орус тили жана адабияты” институттун өзөгүн түзүп жана жаңы адистиктердин ачылышы менен “тил даярдыгы жана котормо”, “коомдук жана табигый илимдер” кафедрасы түзүлгөн.
Кыргыз тили кафедрасы 1988-жылы негизделип, “кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы деп аталган. Жыйырма жыл ичинде бул бөлүмдүн аты бир нече жолу өзгөрүүгө учураган. 1990-жылдан “кыргыз тили кафедрасы, кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы”, 1998-жылдын ноябрь айынан тартып “кыргыз тилинин теориясы жана практикасы”, 2002-жылдын апрель айынан тартып “кыргыз тили кафедрасы” аталган. 2010-жылдын 17-сентябрынан И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен УИАнын корреспондент-мүчөсү, ф.и.д., проф. Т.К.Ахматовдун ысымы ыйгарылып, 2016-жылы профессор Т.К.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы болуп өзгөрдү. Ушул жылдардын аралыгында кафедра башчылары Ш.Жапаров, С.Ибрагимов, И.Абдувалиев, Т.Ахматов, К.Токтоналиев, С.Каратаева жигердүү иш жүргүзүштү, учурда кафедраны п.и.к., доцент Р.Абдуллаева жетектейт. Кафедрада ар кайсы жылдары республикага белгилүү окумуштуулар академик С.Ж.Мусаев, профессорлор К.Саматов, К.Токтоналиев, С.Ибрагимов, Т.Ахматов эмгектенип, студенттердин арасында окуу жана окуу-методикалык, тарбиялык иштерди жогорку деңгээлде алып барышкан.
Кыргыз адабияты кафедрасы 1988-жылы негизделген. Аталган кафедрада республикага таанымал коомдук жана мамлекеттик ишмерлер эмгектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу палатасынын спикери, КР УИАнын академиги, профессор А.Эркебаев, КР УИАнын академиги, профессор А.Акматалиев, КР УИАнын академиги, профессор О.Ибраимов, КР Эл жазуучусу, профессор К.Жусупов, КР Эл акыны А.Өмүрканов, КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты А.Рыскулов эмгектеништи. Ошондой эле кафедранын курамында проф. А.С.Кацев, доцент Ү.Касыбеков, К.Ибраимов иштеген. Ошол убакыттан бери кафедранын аталышы бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. Кафедраны учурунда К.Байжигитов, М.Жумаев, Р.Сыдыкова, С.Дюшембиев, А.Эгембердиева жетектеп келген. Азыркы кезде кафедра кыргыз адабияты жана аны окутуунун техгологиялары кафедрасы деп аталат жана кафедра башчысы болуп ф.и.к., доцент А.Каныбекова эмгектенет.
“Тил даярдыгы жана котормо” кафедрасы институттун түптөлүшү жана жаңы адистиктердин ачылышы менен 2001-жылдын 1-сентябрынан баштап ишке киришип, ага окутуучу Догдурбек Назар (Асанкулов Н.Д.) кафедра башчысы болуп дайындалган (2001-2004-жж.). 2004-жылдан 2023-жылга чейин ф.и.к., доцент Н.А.Эргешбаева кафедра башчысы катары иш алып барган.
Котормо жана котормо таануу профилинин актуалдуулугу коомдун талабына ылайык чет тилдерин жогорку деңгээлде окутуу жана билим берүү тармагында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ар кайсы багыттарында, КР Тышкы иштер министрлигинде ж.б. эл аралык уюмдарда иштей ала турган кыргыз тилинен англис, корей, кытай тилдерине жана ошол тилдерден кайра кыргыз тилине түз которуучу адистерди даярдоо болгон.
И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана натыйжалуу жүргүзүү максатында университеттин курамдык түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча түзүлгөн комиссиянын сунушуна (отурумдун №1, 2 токтомдору, 16.04.23-23.04.23) жана университеттин окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык “Тил даярдыгы жана котормо” кафедрасы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун курамына өткөн.
“Коомдук жана табигый илимдер” кафедрасын т.и.д., проф.м.а. А.Р.Жоошбекова 2001-2006-жылдары жетектеп, кийин структура аралык кафедра катары университеттин курамына өткөн.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн билим берүүнүн жаңы технологиялык жана методикалык базасын түзүп, окутуунун жакшыртылган инновациялык ыкмаларын иш жүзүндө кеңири колдоно билүү, жайылтуу максатында 2003-жылдын 1-сентябрынан тартып “окутуунун жаңы технологиялары” кафедрасы өз ишин баштаган. Кафедрада алгач доцент Н.Р.Джапаров кафедра башчысынын милдетин аткарып, кийин доцент Р.Абдуллаева кафедра башчысы кызматына дайындалган. 2016-жылдын 1-июлунда университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жоюлуп, кафедра мүчөлөрү тийиштүү кафедраларга которулган.
Философия илимдеринин кандидаты, доц.м.а. Т.Тургуналиевдин жеке демилгеси, И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигинин колдоосу менен КР Президентинин улуттук мурастар жөнүндөгү буйругун, КР Жогорку Кеңеши кабыл алган “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамдын (28.06.2012), КР Өкмөтүнүн улуттук программасынын (2012) негизинде кабыл алынган “Манас” мыйзамын ишке ашыруу жана “Манас” эпосунун тарыхый баалуулуктарын изилдөө, окутуу, “Манас” эпосун республикага жана дүйнө элдерине кеңири таркатуу, ар тараптан илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, бурмалоолордон сактоо багытын көздөп, 2012-жылдын 13-сентябрындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин №10 токтомунун негизинде, 17.09.2012. № 01-8/288 буйругу менен Манастаануу институту түзүлгөн. Институттун курамында Манас таануу жана маданият таануу кафедрасы иш алып барган. Институттун ачылышына зор салымын кошкон Т.Тургуналиев 2012-2019-жж. директор кызматын аркалап келген.
2019-жылдын 4-июлунда И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими, 2019-жылдын 29-августундагы № 01-8/522 буйругу менен манастаануу институту лингвистика факультетине бириктирилип, манас таануу жана лингвистика институту деп аталып, институттун директорлугуна ф.и.д., профессор С.Ж.Мусаев дайындалып, 2019-2020-жылдар аралыгында эмгектенди. 2020-2022-жж. институтту п.и.к., проф.м.а. Н.К.Сартбекова жетектеди.
Манас таануу жана маданият таануу кафедрасы 2022-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекеттик тил жана маданият институтунун курамына кошулуп, “манастаануу кафедрасы” деп өзгөртүлдү. 2012-жылдан бери кафедра филологиялык билим берүү багытындагы манастаануу профили боюнча билим берип, жогорку билимдүү адистерди даярдап келет. Манас таануу кафедрасы жаш муундарды мекенчилдикке, мекенди сүйүүгө тарбиялап, Манасты даңазалаган, келечекте нукура кыргыз каада-салтын, маданиятын, тарыхын жана адабиятын таанып билген, жогорку билимдүү манастаануучу адистерди даярдаган жетектөөчү кафедра. Учурда кафедра башчысы Т.К.Рысбаев эмгектенет.
И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана натыйжалуу жүргүзүү максатында университеттин курамдык түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча түзүлгөн комиссиясынын сунуштарынын негизинде жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 26-майындагы №10 отурумунун чечимине ылайык гуманитардык билимдер факультетиндеги “орус тили жана адабияты” профилин мамлекеттик тил жана маданият институтуна алып келүү менен орус филологиясы факультети, чыгыш таануу жана эл аралык мамилер факультетиндеги журналистика профилин институтка бириктирүү менен журналистика бөлүмү түзүлгөн. Ошондой эле, филологиялык билим берүүдө практикалык курстар кафедрасындагы орус тили жана кыргыз тили дисциплиналары МТМИнин тиешелүү кафедрасына өтүп, орус тили дисциплинасынын негизинде орус тилинин практикалык курсу кафедрасы ачылып, кафедраны доцент Т.Шамурзаева жетектеген.
Бирок, 2024-жылдын 24-июнундагы №01-8/432 Буйругунун негизинде 1.4 пунктунда: “Мамлекеттик тил жана маданият институтунун курамындагы орус филологиясы факультети бөлүнүп, өз алдынча курамдык бөлүм катары эсептелинсин” деп белгиленген. Ал эми 1.5 пунктунда “Мамлекеттик тил жана маданият институтунун курамындагы Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы төмөнкүдөй эки кафедрага бөлүнсун: а) Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы; б) Кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы” деп айтылган.
Окуу процессинин окуу-методикалык жактан жабдылышын өнүктүрүү, билим берүүнүн жаңы технологиялык жана методикалык базасын түзүп, негизги дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстер менен толуктап, студенттерге маалыматтарды жеткиликтүү кылып, билим сапатын жогорулатуу максатында 2001-жылы МТМИнин окуу залы ачылып, КР Илимине эмгек сиңирген ишмери, ф.и.д, профессор Ш.Жапаровдун наамы ыйгарылган.
Журналистика кафедрасы 1998-жылдын 15-сентябрында түзүлүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин негизги структуралык бөлүмү болгон. Азыркы учурда бөлүм мамлекеттик тил жана маданият институтунун бир бөлүгү катары иш алып барат. Бөлүмдө жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет.
Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмү төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт:
530600 Журналистика (бакалавр, күндүзгү – окуу мөөнөтү 4 жыл)
530600 Журналистика (аралыктан окутуу,5 жыл)
530600 Журналистика (магистратура, күндүзгү-окутуу мөөнөтү 2 жыл)
530700 «Жарнама жана коомчулук менен байланыш»
530700 «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» (аралыктан окутуу, 5 жыл)
570006 Кинооператор ( күндүзгү, 5 жыл, ЖРТ талап кылынбайт)
Бөлүмдүн негизги милдети – чет тилин билген журналисттерди даярдоо. Негизги чет тили катары англис тили же чыгыш тилдеринин бири (корей, араб) окутулат. Студенттердин окуу-өндүрүштүк практикасы борбор шаардагы телерадиоберүү, гезиттердин, жарнак агенттиктеринин, басма сөз кызматтарынын базасында жүргүзүлөт. Айталы, “Кутбилим”, “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу” гезиттери, “Эл агартуу”, “Жетиген” журналдары, “УТРК”, “NewTV”, “ЭЛТР” телеканалдары, “ВВС”, “Кабар”, “24 кг” маалымат агенттиктери, «Кыргызстан обондору», «Кыргыз радиосу», «Манас FM» радиостанциялары менен иштешет. Аны учурунда Борубаева А.Б, Абдыкалыкова А.А, Искендерова Ш.А., Жапаракунов У.К. жетектеген. Учурда, Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Сатыбекова Э.Ж.
Азыркы мезгилде Мамлекеттик тил жана маданият институтунун курамында 1 бөлүм (эл аралык журналистика жана медиакоммуникация), 4 кафедра (кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары, кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары, кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу, манастаануу) бар. МТМИ боюнча профессордук-окутуучулар курамынын саны – 81, негизги кызматта – 63 окутуучу, алардын ичинен 5 илимдин доктору, 23 илимдин кандидаты, 21 ага окутуучу, 15 окутуучу, айкалыштырып иштөө шартында 18 окутуучу эмгектенет.
МТМИнин профессордук-окутуучулар курамынын ичинен илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен – 1, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен – 1, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен 11 окутуучу, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен 3 кызматкер жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жана башка ведомостволордун Ардак грамоталары, төш белгилери менен бир нече кызматкер сыйланган жана 2 илимдин докторуна Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.
Институттун максаты – педагогикалык билим берүүнү практикалык иш менен айкалыштырып, заманбап эмгек рыногунда конкуренцияга туруктуу, маалыматтык технологияларды, инновациялык ыкмаларды жигердүү пайдаланууга жөндөмү бар жогорку квалификациялуу педагогдорду, республиканын коомдук турмушундагы бардык тармактарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө ала турган мамлекеттик тил боюнча адистерди, мамлекеттик тилдин ролун телеберүү жана радио каражаттарынын жардамы менен оптималдаштырууга жөндөмдүү журналисттерди даярдап чыгаруу.
Институттун негизги максаттарынын бири – педагогикалык билим берүүнү практика менен айкалыштырып, заманбап шартка ыкчам ылайыкташа алган, маалыматтык технологияларды жана инновациялык ыкмаларды жигердүү пайдаланууга жөндөмү бар, жаңычыл, чыгармачыл адистерди даярдап чыгаруу жогорку деңгээлде ишке ашырылып келе жатат. Институт адистерди даярдоодо улуттук нарк-дөөлөттөргө шайкеш дүйнөлүк баалуулуктарды, улуттук нарк, элдик салт-санааны сактап, маалыматтык технологияларды, инновациялык ыкмаларды тажрыйбалоо менен окуу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүдө.
Академиялык мобилдүүлүк
- Казакстан Республикасындагы Казак кыз-келиндер педагогикалык университети (Алматы ш.),
- Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Алматы ш.),
- Андижан мамлекеттик педагогикалык университети (Андижан ш.),
- М.Акмолла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети (Уфа ш.) жана республикадагы бир катар жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүүдө.
Илим жаатында Казакстан Республикасынын Шымкент университети менен атайын программалар ишке ашууда.
Илим жаатында университеттин каржылоосунда институтта учурда 2 ири долбоор аткарылды: “Кыргыз тилинин татаал сөздөрүнүн сөздүгү” (жетекчиси ф.и.д., проф. С.С.Жумалиев) жана «Кыргыз адабияты боюнча 5-11-класстар үчүн окуу куралын түзүү (мектеп программасына жаңы кирген чыгармалардын үзүндүлөрүн жана ал үзүндүлөр боюнча класста аткарылуучу тапшырмалардын түрлөрүн иштеп чыгуу)» (жетекчиси ф.и.д., проф. А.А.Эгембердиева). Дагы жаңы долбоорлор ишке ашырылганы турат. Ошондой эле, жыл сайын кандидаттык, докторлук иштер корголуп, кафедраларда талкуулар өткөрүлүп турат. 2025-жылы 1 кандидаттык (Г.Черикчиева) жана 1 докторлук диссертация (Г.З.Жумаева) ийгиликтүү корголду.
Мындан тышкары институтта Мамлекеттик тил борбору жана Манастаануу борбору иш алып барат. Аталган борборлордун алкагында республикалык сынактар, окуу-методикалык семинарлар, квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүп, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун жайылтуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
МТМИде билим берүү программалары
Филологиялык билим берүү: Кыргыз тили жана адабияты; Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде; Манас таануу; Манас таануу, кыргыз тили жана адабияты; Кыргыз тили жана адабияты, орус тили адабияты; Кыргыз тили жана адабияты, журналистика; Кыргыз тили жана адабияты, англис тили.
2. Лингвистика багыты боюнча: Котормо жана котормо таануу (кыргыз, түрк тили); Котормо жана котормо таануу (кыргыз, кытай тили).
Окутуу формасы күндүзгү жана сырттан, бакалавр, мугалим квалификациялары берилет