И.Арабаев атындагы КМУда "Хангиль" стипендиясы тапшырылды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Хангыль» стипендиясын тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, “Хангиль” стипендия фондунун төрагасы Хванг Хе Ён, корей тили бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө стипендия корей тилин жогорку деңгээлде өздөштүргөн студенттерге, ошондой эле, ЖРТ жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон 1-курстун студенттерине ыйгарылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында концерттик программа тартууланып, конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, 2023-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн түзүлүшү менен Хангыль стипендиялык фонду түзүлгөн. Бул фонддун максаты: ЖРТнын жогорку жыйынтыгы бар студенттерди тартуу, окуудагы жакшы көрсөткүчтөрү бар студенттерге стимул берүү жана колдоо.