Blog Image

КМУ ШКУнун Илимий-техникалык кызматташтык форумуна катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Циндао шаарында өткөн “Инновация туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы катары” аталышындагы (КЭР) ШКУнун Илимий-техникалык кызматташтык форумуна катышты.

Иш-чара Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кытай технологиялар трансфери борбору тарабынан уюштурулуп, КМУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышты.

Форумдун жүрүшүндө жаштардын инновациялык форуму, технологиялык жетишкендиктердин көргөзмөсү жана бизнес кездешүүлөр уюштурулуп, анда эл аралык билим берүү программаларын түзүү, окуу-изилдөө долбоорлору, академиялык мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттерди тартуу маселелери талкууланды.

Форумдун алкагында И.Арабаев атындагы КМУ Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кытай технологиялар трансфери борбору менен билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташтык келишимине кол коюшту.

Позвонить