Blog Image

КМУ жана Япониянын Issunbou Co. LtD компаниясы ортосунда келишим түзүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониянын Issunbou Co. LtD компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Касаматсу Мисао жана Issunbou Co. LtD компаниясынын структуралык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчиси Танака Киничи менен жолугушту.

Жолугушууга Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов катышты.

Аталган иш-чарада И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Япониянын Issunbou Co. LtD компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Касаматсу Мисао КМУнун ЖМТИнин 3-4-курстарынын студенттерин өндүрүштүк практикага кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишимге кол коюшту.

Позвонить