КМУда “Эффективдүү лекциялардын критерийлери: окутуу пирамидасы” аталышындагы тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Дуйшебаева Г.Р. “Эффективдүү лекциялардын критерийлери: окутуу прамидасы” аталышында тренинг өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө лекциянын түзүлүшү, мазмунунун актуалдуулугу, студенттердин активдүү катышуусу жана таасирдүү визуалдык каражаттарды колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, окутуу пирамидасы аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн деңгээли боюнча мисалдар келтирилип, практикалык көндүмдөр көрсөтүлдү.
Тренингдин максаты: КМУнун окутуучуларын заманбап методдор менен тааныштыруу, лекцияны кызыктуу, натыйжалуу жана сапаттуу өткөрүү жолдорун үйрөтүү.