КМУнун делегациясы Ташкент шаарына иш сапар менен барды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Ташкент прикладдык университетине иш сапар менен барды.
Делегациянын курамында КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары Алтынбек Толтоев, Нурболот Өмүркулов жана университеттин хореографы Жазгүл Жолдошева, ошондой эле, активдүү студенттер бар.
Иш сапардын жүрүшүндө Ташкент прикладдык университетинин Эл аралык иштер боюнча проректору Элиор Сабитов менен жолугушуу өткөрүлүп, студенттик мобилдүүлүк, окутуучулар аралык конок-лекциялар жана биргелешкен маданий иш-чаралар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Иш сапардын экинчи күнүндө Ташкент шаарынын тарыхый жана маданий жайларына экскурсия уюштурулуп, делегация мүчөлөрү Өзбекстандын маданияты менен жакындан таанышты.
Бул сапар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү.