Blog Image

КМУнун орус филология факультетинин 1992-жылдан бери бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу өттү

11-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү менен тегерек стол өттү. Жолугушууга орус филология факультетинин 1992-жылдан бери бүтүрүүчүлөрү катышты. Тегерек столду орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева ачып, университеттин ишмердүүлүгүндө орус филологиясы факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын ролун белгилеп, университет өзүнүн бүтүрүүчүлөрү республиканын ар кыл тармактарындагы жана коомдук турмушундагы белгилүү ишмерлер менен сыймыктанарын жана белгилүү жетишкендиктер тууралуу айтылды.

Ошондой эле Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, филология илимдеринин доктору Нуржан Нарынбаева ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары, иш планын ишке ашыруу жана И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата даярдыктар тууралуу айтып берди.

Ошону менен катар, тегерек столдун катышуучулары билим берүү программаларынын мазмуну, 12 жылдык окууга өтүү жана университет тарабынан даярдалган профилдердин негизинде мугалимдерди даярдоонун жаңы багыттары тууралуу ой бөлүштү. Жыйынтыгында орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаева өз каалоолорун билдирип, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Позвонить