Blog Image

КМУнун ректору профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушууларды өткөрүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева профессордук-окутуучулар курамы менен үзгүлтүксүз, күнүмдүк жолугушууларды өткөрүп, жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында тыгыз иш алып барууда.

Жолугушуу учурунда билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн арттыруу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, студенттерди тарбиялоо жана окутууну жаңы шарттарга ылайык уюштуруу маселелери талкууланууда.

Ар бир жолугушуу — профессордук-окутуучулар курамы менен ачык пикир алмашууга, сунуштарды угууга жана биргелешкен чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева университеттин алдыдагы стратегиялык багыттары менен бөлүшүп, ар бир окутуучунун салымы жогорку билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Бул демилгелер КМУнун өнүгүүсүнө жана билим берүүдө жогорку жетишкендиктерге жетүүгө багытталган.

Позвонить