КМУнун ректору Япониядан келген делегация менен жолугушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониядан келген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга IBC компаниясынын башкы директору Исимура Коужи, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу Ёцухаши Мичинори, Midas Inc. компаниясынын директору Урю Шуичи, Midas Inc. компаниясынын президенти Ямамото Сацуки, RSK ассоциациясынын өкүлү Киока Наоки, Японтаануу жана туризм институтунун директору Айбек Самаров катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, илим жана маданият тармагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Университеттин ректору япон уюмдары жана компаниялары менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыт студенттер менен окутуучулар үчүн эл аралык тажрыйба алууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
Бул жолугушуу билим берүү жана маданият тармагында кыргыз-япон кызматташтыгын тереңдетүүгө шарт түзөт.