1-3-курстардын 2022-23-окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү
И. Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 1-3-курстардын 2022-23-окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын (ОТП) жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга студенттер, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, факультеттин практикаларына жооптуу доц.м.а. М.Кырбашева, ОТПга жооптуу п.и.к., доц. м.а. У.Сапарбаева, кафедра башчысы доцент С.Кендирбаева жана университеттин практикалар боюнча жетекчиси Н.Баястанов катышты.
ОТП Чүй өрөөнүнүн аймактарында, Кара-Жыгач багы ОсОО “Чешские цветы” күнөсканасында, Ак-Тилек конушундагы Чага көлмөсүндө ж.б. аймактарда өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 1-3-курстун студенттеринин жазгы жана жайкы ОТПда жасаган иштери боюнча даярдаган слайддар презентацияланып, практикада чогулткан материалдардан (гербарийлер, практиканын күндөлүктөрү, практикада колдонулуучу курал-жабдыктар ж.б.) көргөзмө уюштурулду.
ОТП өткөрүүдөгү айрым көйгөйлөр туурасында да (практика учурунда четки аймактарыбызга чыгууга транспорттун жоктугу, студенттер токтоо үчүн жатакананын жоктугу, окуу-тажрыйба жүргүзүлүүчү агроучастоктун жоктугу ж.б.) баса белгиленди.
Факультеттин деканы проф. М.Чоров практикага жетекчилик кылган окутуучуларга терең ыраазычылык билдирип, студенттерге ийгиликтерди каалап, практиканын абалы жылдан-жылга жакшыртыла бере турганын айтты. Активдүү студенттер факультеттин ардак грамоталары менен сыйланышты.