Blog Image

1-курстардын «Фонетикалык конкурсу»

Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун Лингвистика кафедрасынын ага окутуучу А.  Алиева, окутуучу Ж.  Эркинбекова тарабынан 2022-жылдын 28-февралында 1-курстардын студенттери ичинде «Фонетикалык конкурс» уюштурулуп өткөрүлдү.  Конкурска ТИМ-1-22,ТИМ-2-22, ТИМ-3-22, ЛиНИТ-1-22 группалары (47 студент) катышты. Конкурс 3 этаптан турду: а) Tongue twister б) Poem в) Dialog англис тилинде көрсөтүлдү. Калыстар тобунун мүчөлөрү болуп Лингвистика кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Азизбек уулу Бакыт,  Маданий аралык байланыш жана тилдин теориясы, практикасы кафедрасынын ага окутуучулары А. И. Размерица жана А. Карымшакова иш алып барышты.
Жыйынтыгында баш байгени алган ТИМ-3-22 группасынын студенттери “Ата-Бейит” комплексине жөнөтүлмөкчү жана калган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.