Blog Image

12-апрель - космонавтика күнү

12- апрель космонавтика күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин ардактуу эс алуудагы окутуучусу Алчагүл Шаршенованын 80 жылдык юбилейине арналып “Физика - аалам сыйкыры” аталышында иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чараны И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып, окутуучу-лаборант Алчагүл Шаршенованын университет үчүн жасаган эмгектери баа жеткис экенин айтып, студенттерди мыкты мугалим болууга чакырып өттү.

Ошондой эле Физика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасын түптөп дал ушул кечени баштагандар Роза Айтматова  жана Света Иманалиева ардактуу конок катары чакырылып студенттер менен жакындан баарлашып, кеп-кеңештерин айтышты.

'Бул кеченин максаты, студенттердин физика предметине болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды коомдук иштерге тартуу болуп саналат', - деп иш-чаранын уюштуруучусу "Физика жана аны окутуунун технологиясы "кафедрасынын башчысы Токонбекова Гулзат Чоюнбековна бидирип өттү.

Айта кетсек, 12-апрель космонавтика күнү-биздин университетибизде Физиктер күнү деп белгиленип, быйыл 19-жыл катары менен окуу жайыбызда өткөрүлүп келет.