Blog Image

12-декабрь Улуттук адабият күнү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу:

Урматтуу кесиптештер, ардактуу замандаштар! Баарыңыздарды бүгүн, 12-декабрь Улуттук адабият күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн Кыргыз Республикасынын Баатыры, КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар, оозеки чыгармачылык менен профессионал адабияттын ортосунда арасат калган кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, чыныгы профессионалдык деңгээлге чыгуусуна өз салымын кошуп кеткен, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу Улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Чыңгыз Айтматов - аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.

Бул майрам - улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!