Blog Image

14-февраль - Эл аралык китеп тартуулоо күнүнө карата китеп жарманкеси

14-февраль - Эл аралык китеп тартуулоо күнүнө карата И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү студенттик өкмөт менен биргеликте китеп жарманкесин уюштурду.

Аталган жарманке студенттердин китепке болгон сүйүүсүн, кызыгуусун арттыруу максатында кызыктуу оюндар менен коштолду. Жарманкеде ар кандай тематикадагы китептер коюлду. Окуу жайдын окутуучулары, студенттер, жаш окурмандар өздөрүнө жаккан китептерин сатып алышты. Китеп сатып алгандар аты-жөнү жазылган кагазды кутуга салып конкурска катышышты. Конкурстун жыйынтыгы менен И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу Донбаева Наргиза, Биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенти Куралова Марварид жеңүүчү аталып, китептердин топтомунан турган атайын белектерге ээ болушту.