Blog Image

18, 19-март күндөрү И. Арабаев атындагы КМУда ББПУАА программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзөт

18, 19-март күндөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги Программалык аккредитациялоодо тышкы баалоо жүргүзөт.
Көз карандысыз аккредитациялоонун негизги максаты болуп И.Арабаев атындагы КМУда жүргүзүлүп жаткан окуу процессинин уюштурулушу, ошондой эле билим берүү сапатына кепилдик берүү, билим берүү сапатынын башкарууда университетте уюштурулган иш-чаралар, жалпы билим берүү программасында билим алып жаткан университеттин студенттери, магистранттары, орто кесиптик билим берүү багытындагы ар бир студентке түзүлгөн шарт, материалдык-техникалык база, окуу-усулдук китептер менен камсыздалышы, илимий жактан профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөтүлүшүнүн дал келиши болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы Лицензиялык талаптар менен бирдикте көз карандысыз аккредитациялоонун 7 стандартынын, анын ичинде 59 критерийине бүгүнкү учурда жогорку окуу жайы жооп бере алабы? Ушул максатта КРда Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги атайын тышкы баалоо жүргүзөт.
Көз карандысыз аккредитациялоо өзүнүн тартиби боюнча ар 5 жылда өткөрүлүп турат. И.Арабаев атындагы КМУда 2019-жылы 36 программа, анын 12си – ОКББП, 12си – ЖКББП (магистратура), 4 программа – бакалавриат багыты боюнча өткөрүлгөн.
Конкурстун негизинде Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин талабына туура жооп берип, ошол агенттик И.Арабаев атындагы КМУну тышкы баалоо жүргүзмөкчү.
Эксперттер ар бир программа боюнча иш алып барышат. Ошондой эле эл аралык эксперт жана байкоочулар да келип катышат. Биздин окуу жайга билим берүү сапатына кепилдик берүүгө кандай иш-чаралар аткарылып жатат, ошондой эле билим берүү сапатынын окуу жайдагы абалы, МТБ, окуу-усулдук китептер менен камсыздалышы, профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчтөрү, ж.б. у.с. окуу процессиндеги критерийлер боюнча баа берилет.
Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин визиттик программасында алардын эксперттеринин келиши, имараттар менен таанышуусу, алар жазылган отчеттордун тегерегинде эмес, ошол өзүн өзү баалоо отчетторундагы берилген ар бир стандарттагы критерийди баалоо болуп эсептелет.
Алар, 1-стандарт – билим берүү саясатына байкоо жүргүзүү; 2-стандарт – билим берүү программасындагы мамлекеттик стандарттын аткарылышы; 3-стандарт – студенттерди же магистранттарды ошол окуу процессинин уюштурулушу, аларга түзүлгөн шарттар; 4-стандарт – окуу жайга студенттерди кабыл алуудан баштап мамлекеттик үлгүдөгү дипломдун берилиши; 5-стандарт – профессордук-окутуучулук курамына түзүлгөн шарттар; 6-стандарт – окутуучулар менен студенттерге түзүлгөн шарттар (материалдык-техникалык база); 7-стандарт – окуу жайдагы жалпы бардык шарттар эсепке алынат.
Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин программасында атайын ар бир программанын аткарылышын бир гана отчеттон баало эмес студенттерден, ата-энелерден, жумуш берүүчүлөрдөн (партнёрлордон), профессордук-окутуучулук курамынан, административдик курамдан атайын интервью алышат.