Blog Image

2023-жылдын 1-декабрында КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденинин ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор Э. Ж. Маанаев узакка созулган оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты

2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденинин ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор Маанаев Эгенберди Жумагулович 90 жаш курагында узакка созулган оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Э.Ж.Маанаев 1933-жылы Ысык-Кѳл областынын Жети-Ѳгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган. 1952-жылы Пржевальск мамлекеттик мугалимдер институтун (артыкчылык менен), 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетин (артыкчылык диплому менен) аяктаган. 1959-жылы Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Тарых институтунун аспирантурасына кирип, 1964-жылы тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын, ал эми 1976-жылы тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого жетишкен.

Э.Ж.Маанаев эмгек жолун 1952-жылы Тянь-Шань обком комсомолунун лектордук группасынын жетекчиси болуу менен баштаган. 1963-1965-жылдары Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Тарых институтунун кенже илимий кызматкери, 1965-1981-жылдар аралыгында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин лектору болуп эмгектенген. 1981-1991-жылдар аралыгында В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда Сырттан билим берүү бѳлүмү боюнча проректор, 1991-1999-жылдары Тарых жана политология кафедрасынын башчысы, 1999-2001-жылдары И. Арабаев атындагы КМПУнун Коомдук илимдер департаментинин негиздөөчүсү жана директору, 2001-2004-жылдары Коом таануу адистерин даярдоо борборунун директору, 2004-2009-жылдары Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору болуп эмгектенген. Э.Ж.Маанаев 2010-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин И. Арабаев атындагы КМУнун Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору жана И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси кызматын аркалап келген.

Окумуштуу 350 илимий изилдөөлөрдүн автору болгон. Анын жетекчилиги менен 12 илимдин кандидаты, 8 илимдин доктору илимий изилдөө иштерин коргоого жетишкен.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Маанаев Эгенберди Жумагуловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Улуу устаттын жаркын элеси ар дайым биз менен.