Blog Image

4-5-апрель күндөрү “Донор күнү” акциясы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 4-5-апрель күндөрү “Донор күнү” акциясы уюштурулду. Ага ылайык, окуу жайдын окутуучулары жана студенттери Республикалык кан борборуна өз ыктыяры менен кан тапшырышты. Ыктыярдуу донорлорду алгач паспорту же аскердик күбөлүгү аркылуу каттап, буга чейин тапшырып жүргөндөрүн идентификациялашты. Кан берүүнүн алдында бир катар суроо менен анкета толтурушуп, убактылуу донор боло алат же таптакыр боло албайт деген жыйынтыкка келиш үчүн медициналык кароодон өтүштү.

Бул акция Бишкек мэриясынын 2005-жылдын 13-октябрындагы № 987 “Өзгөчө кырдаалдар жана катастрофа мезгилинде шаардын дарылоо мекемелерин донордук кан жана кан компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу” токтомунун негизинде баардык ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилери, атуулдарды донорлукка үндөөгө жана тартууга милдеттендирилген. Буга чейин, Республикалык кан борбору окуу жайдын ыктыярдуу донорлоруна окуудан жана жумуштан жеңилдик берүүгө, кан алуу үчүн атайын бөлмө бөлүп, колдоо көрсөтүүгө кайрылуу жасаган.