Blog Image

6-8-июлда «Чыгыш чеберлери» симпозиуму болуп өттү

7-июлда симпозиумдун катышуучулары белгилүү Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, профессор Юристанбек Шыгаевдин музейинде болушту. Экскурсиянын жүрүшүндө ал музейдин тарыхын, өзүнүн чыгармачылыгы жонүндө жана музейге коюлган бардык эмгектери тууралуу айтып берди
8-июлда экскурсия Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде (“Жомок” каньону, Жети-Өгүздөгү “Жарылган жүрөк” аскасы) уланды.
Симпозиумдун катышуучулары ар кайсы шаарлардын жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, көркөм кол өнөрчүлүктүн, көркөм сүрөт искусствосунун чеберлери болгондуктан, иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай темада кызыктуу баарлашуулар болду: биздин өлкө жөнүндө, коноктордун өз өлкөсү тууралуу аңгемелери, көргөзмөгө коюлган эмгектер тууралуу талкуулоолор, мастер-класстар өткөрүлдү.
Билим берүү системасында иштеген катышуучулар илимий-практикалык негизде иштерди жүргүзүүнү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында билим берүү программаларын тереңирээк изилдеп, өз ара бөлүшүү пландаштырды.