Blog Image

 7-апрель - Элдик революция күнү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2010-жылдын 7-апрель - Элдик  революция күнүндө курман болгон жарандар эскерилди. Окуу жайдагы ар бир курамдан студенттер катышып, апрель окуясынын баатырларына таазим кылышты. Иш чара  кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуяга байланыштуу сахналаштырылган сценка менен коштолду. Ага Кыргыз Республикасынын президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары Замир Айылчыев, Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу жана Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышты.