Blog Image

8-март – Айымдардын эл аралык майрамы

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 8-март Айымдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчү айымдары -  Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сартбаева Кайыргүл,  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Айтматова Розетта, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Молдоева Гүлшан, акын, журналист, драматург Өзүбекова Жеңишгүл,  адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Станалиева Гүлзада, белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева,  “Супара” этнокоплексинин кош-негиздөөчүсү жана башкы директору Турганбаева Жаңылсынзат, сүрөтчү “Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору Чочунбаева Динара жана башкалар конок катары катышышты.

Алгач ректор Айгүл Абдраева жалпы аялзатын майрамы менен куттуктап, салтанаттуу кечени ачты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз маданиятына опол-тоодой салым кошкон, коомдо өзгөчө орду бар ардактуу бүтүрүүчүлөрүбүз өздөрүнүн стунденттик күндөрүн эстеп, күлгүн курактарындагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Майрам алдында көркөм ыр окуу менен куттуктоо сөздөрүн арнашты. 

Салтанатта университеттин төш белгиси менен СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, коомдук ишмер Розетта Айматова жана эл мугалими Симиля Абдырахмановалар сыйланышты. Ал эми калган кадырлуу конокторго ыраазычылык кат тапшырылды.

Ага утурлай окуу жайдын кесипкөй мугалимдерине Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамоталары, окуу жайдын төш белгилери берилди.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен жыйынтыкталды.