Blog Image

№91 мектеп-гимназиясынын окуучулары Биология жана химия факультетинде экскурсияда болушту

Биология жана химия факультетинде химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары тарабынан Бишкек шаарынын №91 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучуларына “Кычкылтекти лабораторияда алуу” деген темада лабораториялык сабак өтүлдү. Мектеп окуучулары химия кафедрасынын лабораториялары менен таанышты.

Иш-чаранын максаты: жогорку окуу жай менен мектептердин ортосундагы байланышты бекемдөө жана мектеп окуучуларына үгүт иштерин жүргүзүү.