Blog Image

Ачык эшик күнү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда республиканын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Ачык эшик күнү” болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, курам жетекчилери, студенттер,  шаар тургундары жана мектеп окуучулары  катышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Андан кийин окуучулар үчүн кесип тандоо боюнча материалдык-техникалык база менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулду. Анын алкагында университеттеги кабыл алуу эрежелери, келечектеги кесиптер, чет өлкөдө окуу долбоорлору, институттар, факультеттер жана колледждер тууралуу кеңири маалымат берилди.