Blog Image

Адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-профилдик практикалар

2022-10-19

12-сентябрдан тартып И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин табигый илимий билим берүү багытынын 2-курсунун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасын Молдокулов А. атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинде жана 4-курсунун студенттери кесиптик-профилдик практикаларын Бишкек шаарындагы №50 жалпы орто билим берүү мектебинде өтүп жатышат.

Аталган студенттер мугалимдик кесип менен таанышып, сабак ѳтүүнүн структураларын, методун, максатын,мазмунун жана күнүмдүк план-конспект түзүү менен иш алып барышууда.

География сабагында кѳрсѳтмѳ куралдарды, географиялык карта жана техникалык каражаттарды пайдалануу менен сабак ѳтүп жатышат.