Blog Image

Ага окутуучу А.Шаршеева “Командалык баалуулуктар жана командалык тартип” темасында ачык сабак өттү

28-февраль күнү И.Арабаев атындагы Экономика жана менеджмент институтунун студенттерине ага окутуучу А.Шаршеева “Баштапкы маалыматтык-башкаруучулук билим берүү” предметинен “Командалык баалуулуктар жана командалык тартип” темасында ачык сабак өттү. Ачык сабактын  биринчи бөлүгүндө теориялык маалымат камтылып, экинчи бөлүгүндө студенттер темага ылайык “Феникс”, «The best”, “Золотоискатели”, “Потоки вдохновения”, “Нон-стоп”командаларга бөлүнүп, миссиясы жана баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маалымат беришти. Сабактын жүрүшүндө студенттердин болочоктогу ишмердүүлүгүндө командалык баалуулуктар жана командалык тартип ийгиликтин башкы факторлорунун бири экендиги көрсөтүлдү. Ачык сабакка Экономика жана менеджмент институтунун директорунун орун басары Ж.Албанбаева катышты. Ал  ачык сабак максатына жеткендигин баса белгиледи.