Ага окутуучу Алина Кытыкенова “Борбордук Азиядагы дипломатиянын актуалдуулугу” аталышында баяндама жасады
16-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Алина Кытыкенова КРнын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган “Абдразаковдун окуулары – Дипломатия жана билим” аталышында эл аралык конференцияга катышты. Иш-чара Ала-Тоо эл аралык университетинде өтүп, ага окутуучу Алина Кытыкенова “Борбордук Азиядагы дипломатиянын актуалдуулугу” аталышында баяндама жасады.
Иш-чарага кыргыздын профессионал дипломаты Ишенбай Абдуразаковдун уулу Авазбек Абдуразаков, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, мурдагы элчиси Ишенгүл Болжурова жана санаалаштары катышты.