Blog Image

Ага окутуучу Гүлзат Төлөгөнова «Гидросфера жана анын географиялык катмардагы ролу» аталышында ачык сабак өттү

18-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун География жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Гүлзат Төлөгөнова «География» жумалыгынын алкагында «Жалпы жер таануу» дисциплинасынан  «Гидросфера жана анын географиялык  катмардагы ролу» аталышында ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө интерактивдүү досканын жардамы менен презентация-слайд көрсөтүлдү. Ошондой эле, суунун жаратылыштагы таралышы жана алардын пайда болуу жолдору жөнүндө кенен маалымат берилди. Мындан сырткары суу обьектилери катылган оюндар Word wall жана Filippity.net программалары аркылуу оюндар ойнотулуп, сабак максатына жетти.