Blog Image

Ага окутуучу Минавар Сеитова «Популяция жөнүндө жалпы түшүнүк” аталышында ачык сабак өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун «Экология жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу Минавар Сеитова «Экология жана туризм» жумалыгынын алкагында «Экология» дисциплинасынан « Популяция жөнүндө жалпы түшүнүк » аталышында ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө ар түрдүү интерактивдүү, аралаш ыкмалар, интерактивдүү досканын жардамы менен презентация-слайд көрсөтүлдү. Ошондой эле, калктын белгилүү бир аймакта узак убакыт бою жашаган, чөйрөнүн шарттарына адаптацияланган өзгөчөлүктөрү жөнүндө кенен маалымат берилди. Сабак учурунда өтүлгөн теманы бышыктоо максатында “Мээге чабуул” аталышындагы интерактивдүү методу колдонулду. Сабак максатына жетип, студенттердин кызыгуусун арттырды.