Blog Image

Ага окутуучу Назгүл Масалиева "Чыгармачыл жазуу жана анын түрлөрү " деген темада ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Назгүл Масалиева "Чыгармачыл жазуу жана  анын түрлөрү " деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабак студенттердин жазуу чеберчилигин калыптандыруу максатында өткөрүлүп, студенттер активдүүлүгүн  сабактын жүрүшүндө  көрсөтүштү. Сабактын жыйынтыгында студенттер өздөрү жазган кызыктуу эсселерин окуп берип, аларды анализдөөдө сабакта өтүлгөн жаңы стратегияларды колдонушту.