Blog Image

Ага окутуучусу Гулина Сатывалдиева “Органикалык эмес химия” аталышында ачык практикалык сабак өттү

17-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун “Табият таануу” жумалыгынын алкагында Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Гулина Сатывалдиева “Органикалык эмес химия” дисциплинасынан “Кычкылтектин алынышы жана анын химиялык касиеттери” аталышында ачык практикалык сабак өттү. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты. Практикалык сабактын жүрүшүндө кычкылтектин алынышы жана анын химиялык касиеттери тууралуу кенен маалымат берилди.